Акжол ажы Бакиров Өзгөн районунун администрация башчысы менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулашты

Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров райондун администрация башчысы-аким Каныбек Апбасов менен жолугуп, эки тараптуу кызматташууну сүйлөштү. Жолугушууда Акжол ажы Бакиров жакында дайындалган акимди кызмат орду менен куттуктап, жооптуу ишине ийгиликтерди каалады. Аны менен …

Дальше »

Каракол шаарында муктаж окуучуларга жардам берилди

Үстүбүздөгү жылдын 11-октябрында Каракол шаарынын баш имам-хатиби Талант ажы Сабриков Т. Сатылганов атындагы мектеп-интернатын зыярат кылды. Баш имам-хатиб Каракол шаарында жайгашкан мектеп-интернатынын жатаканасында жатып окуган окуучулар менен жолугуп, аларга адеп-ахлак, жүрүм-турум, илим алуу боюнча баяндама …

Дальше »

Ош шаарынын казысынын орун басары жаш жоокерлерге Мекенге кызмат кылуунун диндеги орду боюнча лекция окуду

Бүгүн, 11-октябрь күнү Ош шаарынын мусулмандарынын казысынын орун басары Мухаммадияр кары Курбанбеков шаардагы №2024 аскер бөлүгүнө жаңыдан аскер кызматын өтөөгө келген жоокерлер менен жолугушуу өткөрдү. Казы орун басары жаш жоокерлер менен жолугушууда Мекенди сүйүү, эл-жерди …

Дальше »

Баткен казыятында район-шаарлардын имамдарына жыйын өтүп, тапшырмалар берилди

Баткен облустук мусулмандарынын казыятында казыят кызматкерлерине жана район-шаарлардын  баш имам-хатибдерине жыйын болуп өттү. Жыйында Баткен обусунда 2023-жылдын 3-7-октябрь күндөрү мечит-медреселерде жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында белгиленген кемчиликтер боюнча ар бир район-шаарлардын баш имам-хатибдери менен талкуу болду. Ошондой …

Дальше »

Азирети Муфтий Замир кары Ракиев Астанада өтүп жаткан диний лидерлердин съездине катышууда

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев боордош Казакстан өлкөсүнүн борбору Астана шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин съездинин ХХІ отурумуна катышып жатат. Съездде боорукерлик, бир туугандык, жоопкерчилик сыяктуу принциптердин маанилүүлүгү, эл аралык …

Дальше »

Мухаммадияр кары Амир-Темир кичи районунун тургундарына биримдик жана ынтымак боюнча баян айтты

Ош шаарынын мусулмандарынын казысынын орун басары Мухаммадияр кары Курбанбеков шаарда орун алган Амир-Темир кичи районундагы мечит жамааттарына биримдик жана ынтымак жөнүндө насаат айтты. Ал өз баянында этностор аралык биримдик, ынтымак, тынчтыктын пазилети жана мыйзамдуулукту сактоо, …

Дальше »

Баткенде аялдар үчүн китеп сынак уюштурулуп, жалпы 200 айым катышты

Баткен шаарындагы «Муъаз ибн Жабал» медресесинин окутуучусу Кундуз Жалилова тарабынан Баткен шаары жана Баткен районунун аймагындагы айымдар үчүн “Эң бактылуу аял” китебинин негизинде сынак өткөрүлдү. Иш-чарага Баткен облустук мусулмандар казыятынын үгүт-насаат жана мечиттер адиси Сайдахмад ажы …

Дальше »

Баткендеги ДОЖ мугалимдерине музей экскурсиясы уюштурулду

Бүгүн, 7-октябрь күнү Баткен облусундагы диний окуу жайлардын мугалимдерине Баткен шаарындагы БатМУнун алдындагы «Айгүл-Тоо» жергиликтүү тарыхый-маданий музей комплексине экскурсия уюштурулду. Экскурсиянын жүрүшүндө мугалимдерге Баткен чөлкөмүндөгү тарыхый маанилүү окуялар жана адамдар тагдыры чагылдырган уникалдуу экспонаттар тааныштырылды. …

Дальше »

Баткенде ДОЖдордогу араб тили мугалимдеринин квалификациялык билимин жогорулатуу семинары башталды

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы Баткен облустук мусулмандарынын казыятында облус аймагындагы диний окуу жайлардагы араб тили мугалимдеринин квалификациялык билимин жогорулатуу максатында «Ассанабил» кайрымдуулук фондунун колдоосу менен 3 күндүк окутуу семинарын баштады. Аталган семинарга Кыргызстан мусулмандарынын дин …

Дальше »

Баткен облусунун казысы аксакалдар менен жолугуп, батасын алды

Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров улгайган жарандарга кам көрүү максатында узап бараткан Эл аралык карылар күнүнө карата Баткен районундагы дин тармагына салым кошкон  аксакалдар менен жолугушту. Иш-чарага казыят кызматкерлери менен имамдар катышып, аксакалдар өз башынан …

Дальше »

Ош облусунда араб тили мугалимдерине педагогикалык билимдерин жакшыртуу семинары уюштурулду

Ош облустук казыятында Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы жана «Ассанабил» кайрымдуулук фонду тарабынан диний окуу жайлардагы араб тилинен сабак берген мугалимдерге карата педагогикалык жана методологиялык билимдерди жогорулатууга арналган окутуу семинары Ош облусунда болуп өттү. Аталган семинарга Кыргызстан …

Дальше »

Түптүн баш имам-хатиби Сары-Дөбө айылынын 100 жылдыгына катышты

Түп районунун Сары-Дөбө айылында Баатыркан ажы Ногой уулунун 180 жылдыгы жана айылдын 100 жылдыгы белгиленди. Аталган иш-чарага КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Уланбек Далиев, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев, Түп райондук администрация …

Дальше »