Самидин кары Атабаев диндер аралык толеранттуулукка багытталган тегерек столго катышты

Бүгүн, 9-февраль күнү Бишкек шаарындагы Сити Хотел мейманканасынын жыйындар залында «Эки тараптуу урмат-сыйды чыңдоодогу диндер аралык диалог жана өз ара аракеттешүү» аттуу тегерек стол болуп өттү. Саамалыкка КР ДИМК директору Тойгонбай Абдыкадыров, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети …

Дальше »

Биринчи май райондук хатибияты «Адам жаны аманат» иш-чарасынын алкагында айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Бишкек шаарында «Адам жаны аманат» иш-чарасынынын алкагында Биринчи май районунун баш имам-хатиби Ырысбай ажы Ахунбаевдин демилгеси менен айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Биринчи май райондук хатибиятынын жетекчилиги Батыш автобекетинде айдоочулар менен жолугуп, унаа башкарууда абдан кылдат мамиле жасоого …

Дальше »

Баткен облусунда «Ыймандуунун жолу ачык» аттуу агартуу кербени жүрүүдө

Баткен облусунун Лейлек райондук маданият үйүндө Баткен облустук мусулмандарынын казыяты тарабынан Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы жана Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши менен биргеликте  «Ыймандуунун жолу ачык» аттуу агартуу кербени жүрүп жатат. Иш-чара КРнын диний чөйрөдөгү мамлекеттик …

Дальше »

Алмазбек ажы Сагындыков Каракол шаарындагы мечиттерди зыярат кылып, имамдар менен жеринде жолукту

Бүгүн, 8-февраль күнү Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыков жылдык иш-пландын негизинде мечиттердин тазалыгы, жылуулук менен камсыздалышы жана эң негизгиси каттоо иштеринен кабар алуу максатында шаардагы мечиттерди кыдырып, имамдар менен жеринде жолукту. Жолугушууда облус казысы …

Дальше »

Ош шаарында боордош түрк элинин амандыгы үчүн Куран окуп дуба кылынды

Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу “Сирождин” мечитинде боордош түрк элинин аманчылыгы үчүн Куран окулуп, дуба кылынды. Бул иш-чарага Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов, Ак-Буура батыш хатибиятынын баш имам-хатиби Исак ажы Юнусов жана жергиликтүү …

Дальше »

Муфтият зилзаладан жабыркаган түрк боордоштор үчүн жардам чогултууда

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы боордош Түркия Республикасында катталган зилзаланын кесепеттерин жоюуга байланыштуу жардам чогултуп жатат. Жардамдар өлкөдөгү ар бир мечитте топтолууда. Жарандар жардамдарын өлкө аймагындагы бардык мечиттерге алып келе алышат. Боордошторго тапшырыла турган кийим-кечелер, жууркан-төшөнчүлөр …

Дальше »

Ош облусундагы имамдар Ош ОИИБнин жетекчиси менен жолугушту

Кечээ, 7-февраль күнү Ош облусунун Ош облустук ИИБнин имаратында облустун  аймагындагы дин кызматкерлери Ош облустук Ички Иштер Башкармалыгынын жетекчиси Жеңишбек Жоробеков менен жолугушту. Жолугушууга облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев, казыят кызматкерлери, райондук баш имам-хатибдер, аймактык …

Дальше »

Муфтият Кыргызстан жана Сауд Араб Падышалыгынын улуттук авиакомпаниялары ортосунда конкурс жарыялайт!

КМДБ ажыларды жеткирүү үчүн Кыргызстан жана Сауд Араб Падышалыгынын улуттук авиакомпаниялары ортосунда кыска мөөнөт ичинде тандоо конкурсун жарыялайт. Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы 2023-жылдагы ажылык сапарына баруучу зыяратчыларды ташуу үчүн Кыргыз Республикасынын жана Сауд Араб Падышалыгынын …

Дальше »

Авиакомпаниялар ортосунда өткөн конкурстун талаптары толук аткарылбагандыктан, УРШ конкурсту кайрадан өткөрүү чечимин кабыл алды

2023-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабы (УРШ) 20-январдан 2-февралга чейинки Кыргыз Республикасынын жана Сауд Араб Падышалыгынын улуттук авиакомпаниялары ортосунда жарыялаган конкурсунун талаптары катышуучулар тарабынан толук аткарылбагандыктан, өткөрүлгөн конкурсту кайрадан өткөрүү чечимин кабыл алды. Конкурска …

Дальше »

Кара-Сууда балдарга таалим-тарбия берүү маселеси боюнча жыйын болуп өттү

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады айыл өкмөтүнө караштуу «Сыдык Алайчы уулу» атындагы мектеп-гимназия комплексинде «Балдарга жакшы таалим-тарбия берүү» аталышында иш-чара болуп өттү. Жыйынга мектеп деректору Зулфия Суюнова, тарбия бөлүмүнүн башчысы Үсөн Сайбиев, Мады айыл өкмөтүнүн …

Дальше »

Муфтият райондук баш имам-хатибдердин отчётун угуп, алардын ишмердүүлүктөрү менен таанышууда

Азирети Муфтий Замир кары Ракиев баштаган КМДБ жетекчилиги Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Бишкек калаасынын баш имам-хатибдеринин ишмердүүлүктөрү менен жакындан таанышып, алардын отчётторун угууда.  Муну менен катар аймактагы имамдардын билими, эл арасында жүргүзүлүп жаткан түшүндүрүү …

Дальше »

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы жер титирөөдөн жабыркаган боордош Түркия элине көңүл айтты

Кыргызстан мусулмандарынын  Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Түркия Республикасында катталган жер титирөөдөн жабыр тарткан боордошторго көңүл айтып, жаракат алгандарга шыпаа тиледи. «Биз боордош түрк элинин башына келген зилзаланы өтө оор кабыл алдык. Кырсыкта жаракат алгандарга …

Дальше »