Эгемендүү Кыргызстандын туңгуч Азирети Муфтийи Кимсанбай ажы Абдурахманов акыркы сапарга узатылды (фоторепортаж)

Бүгүн, 23-ноябрь күнү баш калаанын «Мекен шейиттери» мечитинде белгилүү дин ишмери, учур кыргыз аалымдарынын устазы, Кыргызстан мусулмандарынын алгачкы Муфтийи Кимсанбай ажы Абдурахмановду акыркы сапарга узатуу аземи болуп өттү. Аземге Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, КР Дин иштери боюнча …

Дальше »

Эгемен Кыргызстандын туңгуч Муфтийи Кимсанбай ажы Абдырахмановдун дүйнө салганына байланыштуу Аалымдар Кеңеши көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын туңгуч муфтийи, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мурунку чакырылыштарындагы Ардактуу мүчөсү Кимсанбай ажы Абдырахмановдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдиманап кары Масалиев көңүл айтты Текст толугу менен берилет: «Мээримдүү жана ырайымдуу Алла Тааланын …

Дальше »

Туңгуч Азирети Муфтийдин жаназасы 23-ноябрь күнү саат 14:00до «7 апрель шейиттери» мечитинде болмокчу

Кыргызстандын туңгуч Азирети Муфтийи Кимсанбай ажы Абдурахмановдун жаназасы 23-ноябрь күнү пешим намазынан кийин (саат 14:00)  Бишкек шаарындагы «7 апрель шейиттери» мечитинде болмокчу.   

Дальше »

Ысык-Көл облусунун казысы казыяттын ишин жакшыртуу боюнча отурум өткөрүп, ар бир адиске өзүнө тиешелүү жумушту жетик аткаруу талабын койду

Бүгүн, 22-ноябрь күнү Ысык-Көл облустук мусулмандарынын казыятынын жыйындар залында облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков казыят кызматкерлерине кезектеги отурумун өткөрүп, казыяттын ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана алга жылдыруу туурасында көрсөтмө берди. Ар бир адистикке тиешелүү штаттык инструкциясын эскертип, …

Дальше »

Ала-Букада экстремизмдин алдын алуу боюнча жыйын болуп, ага хатибият жамааты катышты

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча жыйын болуп өттү. Иш-чара Ак-Коргон айыл аймагынын Сафед Булан айылында болуп, ага район акими баштаган райондук жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, райондун баш имам-хатиби, хатибияттын даават …

Дальше »

Дордойдо бардык каалоочулар үчүн Куран жана тажвид сабагы өтүлүүдө

Бишкек шаарына караштуу Дордой конушунда жайгашкан «Иброхим» мечитинде аптанын шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү Куран жана тажвид сабагы өтүлүп жатат. Мечиттин имамынын айтымында, сабак ыктыярдуу түрдө уюштурулуп, каалоочулар Куран окууну үйрөнүшүүдө.  «Сүйүктүү пайгамбарыбыз (с.а.в) айткан: …

Дальше »

Акпаралиев орто мектебинде райондун баш имам-хатиби ислам дининин баалуулуктары боюнча семинар өттү

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук хатибияты тарабынан райондогу Акпаралиев орто мектебинде ислам дининин баалуулуктары, экстремизм жана терроризмдин исламга тиешеси жоктугу, тоноочулук, бейбаштык, суицидге каршы түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, баалуу маалыматтар берилди. Семинарга райондун баш имам-хатиби, мектеп жетекчилиги …

Дальше »

Азирети Муфтий Замир кары Ракиев туңгуч Муфтий Кимсанбай ажы Абдурахмановдун дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтты

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Кыргызстандын туңгуч Азирети Муфтийи Кимсанбай ажы Абдурахмановдун дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтты. Текст толугу менен берилет. Бул кабарды терең кайгыруу менен угуп, кабыргам кайышып турат. Чындыгында Кимсанбай ажы …

Дальше »

Жайылда тилсиз жоодон жабыркаган мечит жергиликтүү жамааттын жана имамдардын күчү менен калыбына келтирилди

Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун Алексеевка айылындагы тилсиз жоодон жабыркаган «Мадина» мечити оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Оңдоп-түзөөгө мечиттин жамааты 100 миң сом топтосо, Жайыл районунун жалпы имамдары 152 миң сом чогултуп беришти. Топтолгон каражатка мечиттин ичи жана …

Дальше »

Ош облустук казыятынын кызматкерлери практиканттарга сабак өтүп, акыл-насаат жана кеп-кеңештерин айтышты

Ош облустук казыятынын үгүт-насаат жана мечиттер бөлүмүнүн адиси Абдумалик ажы Турсунбеков ОшМУнун теология факультетинин жана коллежинин студенттерине “Сапарга чыгуунун адептери” жана “Умра сапары” боюнча ачык саат өттү. Ага  жалпы Ош облустук казыятына бөлүнгөн практиканттар катышты. Сабактын …

Дальше »

Талантбек ажы Темирбаев эсептик каттоодон өтө элек мечиттер боюнча чукул тапшырмаларды берди

Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысынын орун басары Талантбек ажы Темирбаев эсептик каттоодон өтө элек мечиттердин имамдарына чукул жыйын өткөрдү. Жыйында казынын орун басары эсептик каттоону ыкчамдатуу боюнча кайрылып, «Өзүңүздөргө маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик …

Дальше »

Бактыбек ажы Убабеков Кең-Булуң айылында Куран үйрөнүп жаткан жаш жеткинчектерден кабар алып, окуу корпусунун курулушу менен таанышты

Ысык-Ата районунун баш имам-хатиби Бактыбек ажы Убабеков Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кең-Булуң айылына иш сапары менен барды. Иш сапарынын алкагында «Абу Ханифа» мечитинин окуу канаасына келип-кетип окуган 60 окуучуну зыярат кылды. Райондун баш имам-хатиби …

Дальше »