17-февралдан тарта Кыргызстан мусулмандарынын Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагалыгына талапкерлердин арыздарын каттоо башталат

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши ушул жылдын 11-февраль күнү 15-протоколдук жыйынын өткөрдү. Жыйында кабыл алынган № 04  Токтомго ылайык 2021-жылдын 5-апрель күнү Кыргызстан Мусулмандарынын VII Курултайы өткөрүлөт. Отурумда Борбордук Текшерүү Комиссиясынын төрагалыгына талапкерлерди «Каттоо жана аттестациялык …

Дальше »

Жалал-Абад облустук казыятында Куран жарышы өткөрүлдү

Бүгүн, 15-февралда Жалал-Абад облустук казыятында Куранды толук жаттаган карылар үчүн тандоо сынагы болуп өттү. Сынака жалпысынан 18 кары катышты.  Сынакты Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Нематулла ажы Жээнбеков  ачып, конкурстун катышуучуларына ийгилик каалады. Облустук сынактан калыстар …

Дальше »

Талас облусунда медреселер арасында Куран жарышы болду

Талас облусунун Бакай — Ата районундагы Бакай – Ата медресесинде Талас облустук мусулмандар казыяты тарабынан уюштурулган Курандын отузунчу парасы боюнча медреселер арасында ынтымак Куран жарышы болуп өттү. Иш-чарага Талас облусунун казысы Таалай ажы Бапиев, анын …

Дальше »

Караколдо радикалдашуунун алдын алуу жана адептүүлүк туурасында ачык сабак өтүлдү

Бүгүн, 15-февралда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын борбордук мечитинин имамы Сардар Кененбаев калаадагы №11 М. Горький атындагы орто мектебинин жогорку классынын окуучулары менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу шаардын борбордук мечитинин имамы Сардар Кененбаев билдирди. Анын айтымында, …

Дальше »

Түп районунда Ханафий мазхабын жайылтуу жана радикалдашуунун алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Арал айылында радикалдашууга алып келе турган терс көрүнүштөрдүн алдын алуу жана Ханафий мазхабын бекемдөө багытында эл менен жолугушуу болуп өттү. Жыйынга жергиликтүү мечиттин жамааты, жаштар жана аксакалдар келип катышты. Иш-чараны …

Дальше »

Имамдын демилгеси менен эки айылды бириктирген жол таштандылардан тазаланды

Ош шаарындагы «Качыбек» мечитинин имамы Бекмамат ажы Орозматов жана айыл башчысы менен биргеликте Качыбек менен Бирлешкен айылдарын бириктирген 2 чакырым жол таштандылардан тазаланды. Акыр-чикирлерди тазалоо иштери жергиликтүү мечиттин жамааты катышып, мындай ишембиликти башка айылдарда дагы …

Дальше »

Ош шаарындагы «Имам Аьзам» мечитинде курулуш иштери жүрүп баштады

Ош шаарындагы Ак-Буура чыгыш хатибиятына караштуу «Имам Аьзам» мечитинин короосуна намаз окулуучу жай даярдалууда. Анын курулуш иштери жамааттын көмөгү менен ишке ашырылууда. Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби Абдулазиз ажы Абдурахманов курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринде …

Дальше »

Жаштарга «Терроризм жана экстремиздин алдын алуу» боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Ош шаарындагы Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби Абдулазиз ажы Абдурахманов  №24 Фрунзе орто мектебинде ата-энелер чогулушуна катышып, «Терроризм жана экстремизмдин алдын алуу» деген темада баяндамасын жасады. «Ислам-бул жакшы кулк мүнөз. Илим алдууда адеп-ахлак маанилуу экендигин …

Дальше »

Исак ажы Юнусов: Баланын таалим-тарбиясына көңүл буруу үчүн ата-энелер өздөрүнөн мүнөзүн оңдошу керек

Ош шаарындагы Жапалак аймактык башкармалыгынын маданият үйүндө мектеп окуучуларынын таалим-тарбиясы боюнча ата-энелердин чогулушу болуп, ага Ак-Буура Батыш хатибиятынын баш имам хатиби Исак ажы Юнусов «Исламда бала тарбиялоо» деген темада өз баяндамасын жасады. «Баланы тарбиялоо үчүн …

Дальше »

Жети-Өгүздө ысырапкерчиликке бөгөт коюу аракеттери уланууда

Бул сапар Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Тилекмат айылында ысырапкерчиликти жоюу боюнча атайын жыйын болуп  өттү. Анын алкагында өлүм-житимдерде ашыкча чыгымдарга жол бербөө жана маркумду акыркы сапарга узатуу тартибин иштеп чыгуу сунушталды. Аталган отурум жегиликтүү жаштардын …

Дальше »

Кызыл-Суулук жеке ишкер айылдаштарына акысыз 40 тонна көмүр таратты

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу  Кызыл-Суу айылында жардамга муктаж  30 үй-бүлөгө 30 тонна көмүр акысыз таркатылды. Ошондой эле дагы 10 тонна кара алтын аймактын борбордук мечити менен райондогу имамдарга бөлүнүп берилди. Бул тууралуу жергиликтүү хатибияттын …

Дальше »

Жети-Өгүздүн Липенка айылынын жаштарына радикалдашуу коркунучу тууралуу ачык сабак өтүлдү

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Липенка айылынын жаштарын коомчулуктагы терс көрүнүштөрдөн оолак болууга үндөгөн иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу райондун баш имам хатиби Талантбек Акылбек уулу билдирди. Анын айтымында, иш-чарага жергиликтүү мечиттин имамы Бактыбек Эмилбаев …

Дальше »