«Мугалим мөмөлүү дарак»

Бүгүн, 5-октябрь – Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнү менен Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын диний окуу жайлар бөлүмү куттуктады.  Жаратканга мактоолор, пайгамбарыбызга (САВ) дубай саламдар болсун. «Оку! Жаратканыңдын аты менен Оку!» (Ъаляк-1) деп, окуу, билүү, …

Дальше »

Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев билим берүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктады

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев бүгүн, 5-октябрь – Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Анда өлкөбүздөгү жалпы мугалимдердин анын ичинде КМДБнын алдында диний окуу жайлардын кесиптик майрамы менен куттуктап, аларга талыкпас мээнет жана иштерине албан-албан …

Дальше »

Сузактын Мундуз айылындагы имамга «Daewoo Matiz» үлгүсүндөгү авто унаа белеке берилди

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Мундуз айылында жайгашкан “Мундуз” мечитинин имам хатиби Бакытбек Шамшиевге жергиликтүү айылдын Орусияда эмгектенген жаштары чогулуп, өз ыктыярлары менен «Daewoo Matiz» үлгүсүндөгү авто унааны белекке беришти. Бул унаа имамдын жигердүү иш аракети, …

Дальше »

Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоодо добуш берди

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев бүгүн, 4-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берди. Азирети Муфтий жарандык милдетин Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы №95 орто мектебиндеги №1063 шайлоо участкасында аткарды. Добуш берип …

Дальше »

КМДБнын Орусиядагы өкүлү Ступин районундагы «FM Logistic» ишканасынын кампасындагы кырсыктан жаракат алган мекендештерге барды

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев Москва облусунун «FM Logistic» логистикалык ишканасынын кампасында болгон кырсыктан жабыр тартып,  Ступино райондук борбордук клиникалык ооруканасында дарыланып жаткан мекендештерибизден кабар алып, алардын ал-абалы менен жеринде таанышты. …

Дальше »

Талас облусунун казысы Таалай ажы Бапиев баш имам хатибдерди кышка даярдык иштерин тездетүүгө чакырды

Бүгүн, 2-октябрда Талас облусунун казыятында кезектеги жыйын болуп өттү. Жыйынга Талас облусунун казысы Таалай ажы Бапиев, казыят кызматкерлери жана баш имам хатибтер катышты. Жыйын учурунда Таалай ажы Бапиев баш имам хатибтерге үгүт иштерине катышпоону эскертип, …

Дальше »

Баткен облусунда мечиттер дезинфекцияланууда

Бүгүн, 2-октябрда Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратовдун тапшырмасына ылайык облус аймагында мечиттер дезинфекцияланууда. Дезинфекциялоо иши облустук Санэпидемия борборунун кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлүүдө. Акыркы маалыматтар боюнча Баткен шаарында 3, Сүлүктүдө 2, Лейлек районунда 3, Кадамжай районунда …

Дальше »

Майлуу-Суу шаарынын имам хатиби карылар күнүнө карата акскалдардан кабар алды

Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу — Суу шаарынын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбеков Майлуу — Суу шаарында ушул жылдын 15-сентябрынан 15-октябрына чейин «Улгайган адамдарга көңүл буруу жана камкордук» аттуу бир айлыктын алкагында калаадагы карыялардан кабар алды. Атап …

Дальше »

Жети-Өгүз районунун борбордук мечити толук оңдоп-түздөөдөн өтүп, кышка даярдык көрүүдө

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун борбордук  мечити толук оңдоп-түздөөдөн өтүп, кышка даярдык иштери башталды. Бул туурасында Жети-Өгүз районунун баш имам хатиби Акылбек Талантбек уулу билдирди. “Кызыл-Суу айылындагы райондук мечитинин абалы өтө начарлап, даараткана, ажатканасы толук иштен чыккан …

Дальше »

Убайдулла ажы Сарыбаев: жокчулукта токчулуктун кадыры билинет

Ош шаарындагы «Манас-Ата» муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочуларына калаанын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев «Ысырапкорчулуктун алдын алуу» деген темада өз баяндамасын жасады. «Тынчтыктын, токчулуктун кадырын билүү керек. Жокчулукта токчулуктун кадыры билинет. Бирок анда кеч болгон болот. Өкүнүп …

Дальше »

Жалал-Абадда мечиттерди кышка карата даярдык иштерин баштоо тапшырмасы берилди

Жалал-Абад шаарында жайгашкан “Имам Бухарий” борбордук мечитинде Жалал-Абад шаарынын баш имам хатиби Ордобек ажы Оморбеков  шаардын аймагына караштуу имамдарга жыйын өткөрдү. Жыйынга облус казысы Абдулазиз кары Закиров катышып, имамдардын ишмердүүлүгү менен таанышып чыгып, кыш мезгилине …

Дальше »

Кадамжайда мечиттерди дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү

Баткен облуснун казысы Пазыл ажы Султанмуратовдун тапшырмасын ишке ашыруу максатында жана КОВИД-19 эпидемиялогиялык кырдаал күч алып бараткандыгына байланыштуу Кадамжай районундагы мечит, медреселерде дезинфекциялоо иштери күчөтүлүп, алдын алуу чаралары башталды. Кадамжай райондук хатибиятынын кызматкери Өскөнбай Кудайбердиевдин айтымында, …

Дальше »