Ош шаардык казыяты шаардыгы дин кызматкерлерине 3 айлык ишембилик жарыялады

Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу жалпы мечиттер үчүн 3 айлык ишембилик өткөрүү тапшырмасы берилди. Жарлыкка ылайык алгачкы ишембилик иш чарасы өтүп, анын алкагында мечиттердин айланалары тазаланды. Муну менен катар  жашылдандыруу иштери боюнча ар бир имам …

Дальше »

Чолпон-Ата шаардык мэриясында жергиликтүү бийликтин катышуусунда жыйын өтүп, анда коронавирустун алдын алуу маселеси талкууланды

Чолпон-Ата шаардык мэриясынын жыйындар залында шаар мэри Талант Кыдыргазиев, вице-мэр Алмаз Байгазиев, шаардын баш имам хатиби Абдыразак ажы Балтабаев, суу-чарба, шаарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу кызматынын өкүлдөрү, шаар тургундары катышкан отурум өтүп, учурда кооптонууну жаратып жаткан коронавирустун алдын алуу жана андан коргонуу, жаштардын тарбиясы, …

Дальше »

Талас облусунун Бакай – Ата, Кара – Буура, Манас райондорундагы мечиттерде дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү

 Талас облусунун Бакай — Ата районунан 20, Кара – Буура районунан 5, Манас районунан эл көп чогулган 3 мечитте жана Кызыл – Жылдыз, Май айылдарындагы мечиттери толугу менен жугушсуздандырылды. “Бүгүнкү күндө Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы …

Дальше »

Ысык-Көл облусундагы мечиттерди дезинфекциялоо иштери улантылууда

Ысык-Көл облусунда мечиттерди дезинфекциялоо иштери уланууда. Бүгүнкү күндө Тоң, Түп жана Жети-Өгүз райондук хатибияттары жергиликтүү санитардык- эпидемиологиялык станциялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, мечиттер, намазканаларда дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө. “Бүгүнкү күндө коомчулукта коркунуч жаратып жаткан коронавирус илдетинин алдын алуу максатында казыят, хатибият жана мечиттер күчөтүлгөн тартипте иш аткарышып  жатышат. Бул иш …

Дальше »

I “Куран жазы” аталышындагы Куран жарышы белгисиз мөөнөткө жылдырылды

Үстүбүздөгү жылдын 12-апрелинде Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун “Ак-Тайлак ата” борбордук мечитинде Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан уюштурулуп жаткан республикалык I “Куран жазы” аталышындагы Куран жарышы учурдагы кырдаалга байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Байланыш телефондору: 0558500806, 0770644438, 0773671225, …

Дальше »

Ош шаарындагы диний окуу жайларда дезинфекциялоо иштери күн сайын жүргүзүлүүдө

Ош шаарындагы жалпы диний окуу жайларда дезинфекциялоо иштерин күнүгө жүргүзүшүүдө. Муну менен катар окуу жайдарда ишембилик иштери башталып, тазалыкка дыкат көңүл бөлүнүүдө. «Шаардагы диний окуу жайлар күнүгө дезинфекциялоо иштерин жүргүзүшүүдө. Муну менен катар тазалык иштерине …

Дальше »

Талас облустук мусулмандар казыяты мамлекетибиздин тынчтыгы, элибиздин амандыгын Жараткандан тилеп түлөө өткөрүштү

Талас облустук мусулмандар казыяты ар кандай кырсыктардын болбошу жана кыргыз элинин саламаттыгы, тынчтыгын тилеп түлөө өткөрүштү. Түлөөдө бодо мал союлуп, анын эти муктаждарга, жетим-жесирлерге таратылды. Түлөө учурунда облус казысы Алла Тааладан кыргыз элинин бейпилдиги, аманчылыгы, …

Дальше »

Талас шаарындагы борбордук мечит дезинфекцияланды

Талас шаарындагы борбордук мечиттин имамы Касым ажы Сыдыков Талас райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык  көзөмөлдөө борбору менен  биргеликте “Ал ал-байт ” мечитинин короо жайларын, дааратканасын жана мечиттин ички, сырткы бөлмөлөрүн толугу менен …

Дальше »

Ысык-Көл облустук мусулмандар казыяты Жараткандан амандык, тынчтык тилеп түлөө өтөрдү

Бүгүн, 13-март жума күнү Ысык-Көл облустук мусулмандар казыяты  элибиздин амандыгын сурап, ар кандай илдет, дарттардан, кырсыктан алыс болушун Жараткандан тилеп, дуба кылып, түлөө өткөрдү. Элибизди ар кандай апааттардан алыс болуусун тилеп өткөрүлгөн түлөөгө Азирети Муфтийдин …

Дальше »

Бишкекте көп кабаттуу үйдүн пайдубалы түптөлүп, түлөө өткөрүлдү

Бүгүн, 13-мартта Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Аппарат жетекчиси Садибакас ажы Доолов, Ленин районунун өкүлдөрү, курулуш компаниясынын жетекчилери, жергиликтүү тургундардын катышуусунда Бишкек шаарынын чак ортосунан орун алып жаткан 12 кабаттуу «Куттуу төр» батиринин пайдубалынын түптөлүшүнө катышты. …

Дальше »

29-жаштагы Андрей бүгүн, 13-мартта Ислам динин кабыл алды

Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Кушта айылында төрөлүп, Балыкчы шаарында өскөн 29-жаштагы орус улутундагы Сергеев Андрей бүгүн, 13-мартта Ислам динин кабыл алды. Мындай чечимди Андрей  өзү кабыл алган. «Ислам дини тынчтыктын, тазалыктын, боорукерликтин, кайрымдуулуктун жана бир …

Дальше »

Нарындан “Куран жазы” аталышындагы республикалык Куран жарышына эки талапкер катталды

Кечээ, 12-мартта Нарында Куран жаттатуу медреселеринин окуучулары жана жалпы эле Куран жаттоо менен алектенип жүргөн каарылардын арасында тандоо конкурсу өткөрүлүп,  I “Куран жазы” аталышындагы Куран жарышына эки талапкер катталды. . Куранды үзгүлтүксүз тилават тажвиди менен …

Дальше »