Ноокат райондук хатибиятында жыл жыйынтыгы чыгарылды

Кечээ, 8-январь күнү Ош облусуна караштуу Ноокат райондук хатибиятында райондогу жалпы имамдарга жыйын өткөрүлүп, жыл жыйынтыгы чыгарылды. Жыйында 2023-жылда аткарылган иштер боюнча маалыматтар айтылып, жигердүү кызмат кылган дин кызматкерлери жана аксакал имамдарга Ардак баракчалары тапшырылды. …

Дальше »

Ат-Башыда 4,6 млн сомдук диний имараттын ачылышы өтүп, ага облус казысы катышты

Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айлында баасы 4 млн 600 миң сомдук жаңы имарат ишке берилди. Бул имараттын ичинде имамдын иш бөлмөсү, даараткана, ашкана, жатакана эң башкысы айыл тургундары, жеткинчек жаштар үчүн Курандан жана адеп-ахлактан таалим сабактарын …

Дальше »

Азирети Муфтий баштаган делегация Саудияда окуп жаткан кыргызстандык студенттер менен жолугушту

Кечээ, 7-январь күнү Сауд Арабиянын ЖОЖдорунда окуп жаткан кыргызстандык студенттердин кезектеги “Ынтымак — Жолугушуу” иш чарасы болду. Аталган жолугушууга КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров, Кыргызстандын Саудиядагы элчиси Улукбек Марипов, Азирети Муфтий …

Дальше »

Азирети Муфтий САПтын ажылык-умра министринин орун басары менен жолугушуп, ажылык боюнча келишимге кол коюшту

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министринин орун басары доктор Абдель Фаттах бин Сулейман менен жолугушуп, 2023-жылдагы ажылык сапарын талкуулашты. САПтын ажылык министринин орун басары Кыргызстан 2023-жылы ажылыкты жакшы уюштургандыгын …

Дальше »

Кызыл-Жол айылынын жаштары кары-картаң жана бейтаптарды зыярат кылышты

Баткен облусундагы Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын жаштары «Карысы бардын ырысы бар» аталышында кайрымдуулук иш-чарасын өткөрүштү. Саамалыкта жергиликтүү жашоочулар айылдын «Жакшылыкта жарыш» коомдук кайрымдуулук фонду менен биргеликте чогулган 30 миң сомго чукул акчага белек алып, айылдагы …

Дальше »

Акжол ажы Бакиров: «Алла Таала берген ырыскыларды ысырап кылбай, жакшылыкка сарптайлы»

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров Дөң-Булак айыл аймагына караштуу Чымбай айылынын тургундары менен жолугушту. Жолугушууда баш имам-хатиб ынтымак жана биримдик тууралуу баяндама жасап, элди ысырапкорчулукту болтурбоого чакырды. «Күч биримдикте демекчи, …

Дальше »

Алай районунда жалпы имамдарга жыйын өткөрүлүп, жыл жыйынтыгы чыгарылды

Кечээ, 4-январь күнү Ош облусуна караштуу Алай районунун борбордук мечитинде райондогу жалпы имамдарга жыйын болуп, жыл жыйынтыгы чыгарылды. Жыйынды жаңы баш имам-хатиб Эмирлан Бообеков ачып, төмөнкүлөргө токтолду: «Урматтуу имам-дамлалар! Бардык нерсе Алла Тааланын каалоосу менен …

Дальше »

Акжол ажы Бакиров: «Ибадатты мыкты аткаруу үчүн ден соолук бекем болуусу керек»

Бүгүн, 4-январь күнү Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров Мырзаке айылындагы жаңы спорт комплексинин ачылыш аземине катышып, жаштарды ден соолукка кам көрүүгө чакырды. «Ден соолук бул – аманат. Ден-соолук болсо илим …

Дальше »

Сарууда айыл имамынын демилгеси менен муктаждарга 50 кап ун таратылды

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын имамы Таалайбек Узаковдун демилгеси менен 50 кап ун айылдагы социалдык колдоого муктаж адамдарга таратылды. «Бул саамалыкты айылыбыздагы Талантбек Бекелов бир тууганыбыз демөөрчүлүк кылып, сунушубузду колдоп берип олтурат. Жалпы …

Дальше »

Муфтияттан түзүлгөн атайын комиссия 9-январдан тарта Сауд Араб Падышачылыгында тандоо жүргүзөт

2024-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын төрагасы Самидин кары Атабаев баштаган КМДБда  түзүлгөн комиссия  9-январдан тарта  Сауд Араб Падышачылыгына атайын иш сапары менен барышып, ажылардын тамак-аштары, Медина шаарындагы жатакана, автобустар жана башка тейлөөлөр  боюнча атайын тандоо жүргүзүшөт. …

Дальше »

Ош шаарындагы «Умму Мухаммад» медресесинде жыл жыйынтыгы чыгарылып, мыктылар сыйланды

Ош шаарындагы «Умму Мухаммад» медресеси жыл жыйынтыгын чыгарып, анын алкагында жылдын мыкты мугалимдери жана студенттери «Алкыш» баракчасы жана баалуу белектер менен сыйланды. Иш-чарага медресенин мугалимдери жана окуучулар катышып, жетишкендиктер, ийгиликтер жана кемчиликтер талкууланды.  «Ушул медреседе …

Дальше »

Баткендеги Муаз Ибн Жабал медресеси жыл жыйынтыгын чыгарып, мыкты студенттерге стипендия тапшырылды

Баткен облусунун Баткен шаарындагы  Муаз Ибн Жабал медресеси жыл жыйынтыгын чыгарып, мыкты студенттерге стипендия тапшырылды. Иш-чарага  облус казысынын орун басары Муса ажы Жолдошов, медресе мүдүрү Султанмурат Исираев жана окуу жайдын жалпы эмгек жамааты катышып, 2023-жылга …

Дальше »