Муфтияттан түзүлгөн атайын комиссия 9-январдан тарта Сауд Араб Падышачылыгында тандоо жүргүзөт

2024-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын төрагасы Самидин кары Атабаев баштаган КМДБда  түзүлгөн комиссия  9-январдан тарта  Сауд Араб Падышачылыгына атайын иш сапары менен барышып, ажылардын тамак-аштары, Медина шаарындагы жатакана, автобустар жана башка тейлөөлөр  боюнча атайын тандоо жүргүзүшөт. …

Дальше »

Ош шаарындагы «Умму Мухаммад» медресесинде жыл жыйынтыгы чыгарылып, мыктылар сыйланды

Ош шаарындагы «Умму Мухаммад» медресеси жыл жыйынтыгын чыгарып, анын алкагында жылдын мыкты мугалимдери жана студенттери «Алкыш» баракчасы жана баалуу белектер менен сыйланды. Иш-чарага медресенин мугалимдери жана окуучулар катышып, жетишкендиктер, ийгиликтер жана кемчиликтер талкууланды.  «Ушул медреседе …

Дальше »

Баткендеги Муаз Ибн Жабал медресеси жыл жыйынтыгын чыгарып, мыкты студенттерге стипендия тапшырылды

Баткен облусунун Баткен шаарындагы  Муаз Ибн Жабал медресеси жыл жыйынтыгын чыгарып, мыкты студенттерге стипендия тапшырылды. Иш-чарага  облус казысынын орун басары Муса ажы Жолдошов, медресе мүдүрү Султанмурат Исираев жана окуу жайдын жалпы эмгек жамааты катышып, 2023-жылга …

Дальше »

Баткендеги 76 муктаж үй-бүлөгө 1386 мүшөк көмүр таратылды

Баткен облустук мусулмандар казыяты «Исар» кайрымдуулук фонду менен биргеликте 1386 мүшөк көмүр таратты. Кайрымдуулук саамалыкка облус казысынын орун басары Муса ажы Жолдошов катышып, жардам колун сунгандарга ыраазычылыгын билдирди. «Жалпы 58 тонна көмүр 76 үй-бүлөгө таратылып …

Дальше »

Баткенде имамдын демилгеси менен жаш спортчуларга 16 миң сомдук спорттук кийимдер тапшырылды

Баткен облусунун Кадамжай районундагы «Молдо Мурзакан» мечитинин имамы Айбек Кузибековдун демилгеси менен Москва шаарындагы «Кара-Жыгач» фондунун мүчөлөрү тарабынан «Дыйкан» орто мектебинин спортчу окуучуларына 16 миң сомдук спорттук кийимдер тапшырылды. Дин кызматкери жаш жеткинчектерге билим, тарбия …

Дальше »

Алимбек Маматаминов: «Элдин ибадатына шарт түзүүгө аракет кылуудабыз»

Кечээ, 1-январь күнү Ош облусуна караштуу Чоң -Алай райондук хатибиятынын демилгеси менен борбордук мечиттин жаңыдан курулган дааратканасы бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. «Мечитке келген жамааттын ибадат кылуусу үчүн жакшы шарт түзүүгө колдон келишинче аракет кылып келүүдөбүз. Учурда …

Дальше »

Нийматилла ажы Топчиев диний билимдүү айымдар менен жолугушуп, аялдар арасындагы ысырапкорчулукту токтотуу боюнча пикир алышты

Кечээ, 29-декабрь күнү Кызыл-Кыя шаарынын баш имам-хатиби Нийматилла ажы Топчиев шаардагы диний маалыматтуу устазалар менен жолугушуп, аларга салттуу Ханафий мазхабы жана Матуридий акыйдасы боюнча маалымат берди. Жыйындын алкагында баш имам-хатиб той-мааракелерде жана өлүм болгон жерлерде …

Дальше »

2024-жылдагы ажы башчылык сынакка каттоо 12-январда башталат (талаптар)

Ажыларды коштоп баруучу ажы башчыларды каттоого алуу 2024-жылдын 12-январдан баштап 26-январь (26-январь кошо эсептегенде) саат 17:00 чейин облустук, шаардык Казыяттардагы жана райондук Хатибияттардагы ажыларды серверге (базага) каттоочу операторлор тарабынан жүргүзүлөт. 2024-жылдагы ажы башчылыкка талапкерлерди тандап …

Дальше »

Баткен шаар-райондук хатибиятынын демилгеси менен Москвадагы мекендештер муктаж өспүрүмгө жардам колун сунушту

Баткен облусуна караштуу Баткен шаарындагы Келечек кварталынын 7 жаштагы тургуну Абибилла Убайдуллаев кичинекейинен эле белинде грыжа пайда болуп, тилекке каршы Кыргызстандагы ооруканалардан шыпаа таба алган эмес. Ата-энеси баласын айргасыз чет өлкөдө операция жасатууга муктаж болгон. …

Дальше »

Жети-Өгүз имамдарына жыйын өтүп, жыл жыйынтыгы чыгарылды

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында райондун имамдарына жыйын болуп өттү. Жыйынды райондун баш имам-хатиби Талантбек Акылбек уулу уюштуруп, жыл жыйынтыгын чыгарды. Жыл ичи аткарылган иштер угулуп, келерки жылга карата иш пландар коюлду. «Урматтуу имамдар, …

Дальше »

Абдималик ажы Турсунбеков: «Эс алуу күндөрүндө ата-энеңерге кызмат кылып, убакытты туура пайдалангыла»

Бүгүн, 29-декабрь күнү Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүндө жайгашкан «Жабир» кыздар медресесинде студенттердин ата-энелери үчүн чогулуш өткөрүлүп, жакшы окуган студенттерге окуу жайдын Ардак грамотасы тапшырылды. «Эс алуу күндөрүндө ата-энеңерге кызмат кылып, убакытты …

Дальше »

Ананьевонун имамы Бекбосын Дияров мектепти зыярат кылып, окуучуларга насаат айтты

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Ананьево айылынын Ляченко атындагы орто мектебинин 8-11-класстын окуучулары менен айыл имамы Бекбосын Дияров жолугуп, балдарга рэкетчилик, адеп-ахлак, жалпы ислам дини боюнча түшүнүк берди.  «Ислам динибизде мусулмандын жаны, малы, ар-намысы өтө …

Дальше »