«7-апрель шейиттери» мечитинде 40 балага Куран окуу боюнча сертификаттар тапшырылды

Бүгүн, 4-сентябрда Бишкек шаарындагы «7-апрель шейиттери» мечитинде июнь—июль-август айларында күн сайын Куран окуу боюнча сабак алган 40 бала толугу менен окуу курсун аяктап, сертификаттарга ээ болушту.  Аталган мечиттин имамынын орун басары Таштемир ажы Эшматов  айтымында, бул жылы жакшы демилге …

Дальше »

Бишкектин Свердлов районун имамдары КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлдөрү менен жолугушту

Бүгүн, 3-сентябрь күнү Бишкектеги «Мусакан Төрө» мечитинде Свердлов районундагы мечиттин жалпы  имамдары КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлдөрү менен жолугушуп, мамлекеттеги кабыл алынган кээ бир жаңы мыйзамдар тууралуу пикир алышты. Жыйындын жүрүшүндө мечиттерди мамлекеттик …

Дальше »

Бишкектеги «Жанбото Ата» мечитинин жамааты кургак учук илдети менен жабыркаган байтаптын абылын сурашып, акчалай жардам көрсөтүштү

Кечээ, 2-сентябрь күнү Бишкек шаардык казыятынын «Жанбото Ата» мечитинин жамааты мечитке жакын жашаган бейтаптарга зыярат кылышып, алардын ал абалдарын сурап, колдон келген жардамын берип кайтты. Бул тууралуу мечиттин имам хатиби Камилжан ажы Муратов билдирди. Анын …

Дальше »

Тынчтык жаңы конушундагы «Чоюбек уулу Керималы» мечити оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Бишкек шаарындагы Тынчтык жаңы конушундагы «Чоюбек уулу Керималы» мечити аталган мечиттин имам хатиби Майрамбек Маматовдун демилгеси менен толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Ибадат кылууга келген момун мусулмандар үчүн ыңгайлуу толук шарттар түзүлүп, аны жергиликтүү тургандар өз …

Дальше »

«Ыйман» маданий комплексиндеги мечит оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди

Бишкек шаардык казыятына караштуу «Ыйман» маданий комплексиндеги мечит оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, кайрадан колдонулууга берилди. Бул тууралуу бүгүн, 14-августа аталган мечиттин имам хатиби Рыскулов Ниматилла ажы билдирди. Анын айтымында, эки жылдан ашуун убакыттан бери мечитти кайра оңдоо …

Дальше »

Демөөрчүлөрдүн жардамы менен Кун-Туу айыл өкмөтүндөгү жергиликтүү элге таза суу чыгарылууда

Чүй облусунун Сокулук районундагы Кун-Туу айыл өкмөтүндө демөөрчүлөрдүн жардамы менен жергиликтүү тургундарга таза суу чыгарылууда. Бишкек шаарындагы «Азирети Умар» мечитинин имам хатиби Ахунжанов Шахабидин ажынын демилгеси менен Кун-Туу айыл өкмөтүнө караштуу бир катар айылдарда сооптуу …

Дальше »

Бишкек шаарындагы «Көлмө» медресеси 33 студентти уядан учурду

Бишкек шаарындагы «Көлмө» медресеси 33 студентти уядан учурду. Бүтүрүүчүлөрдү узатуу саамалыгына Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев, Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ата-энелер катышты. Иш-чаранын алкагында Аалымдар …

Дальше »

Бишкек шаарынан 2019-жылы ажыга барчуулар №10-шаардык бейтапканадан эмдөөдөн өтүшөт

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин буйругу менен 2019-жылы Ажылык сапарга баруучулар 10-июндан 20-июнга чейин алдын ала эмдөөдөн өтүшөт. Быйыл Бишкек шаарынан катталып, документтери талапка толугу менен жооп берген 542 ажы эмдөөдөн өтөт. Шаардыктар …

Дальше »

Бишкек шаардык борбордук мечити 2019-жылдагы битир-садакадан топтолгон 508100 сом акча каражатын 534 муктаж жаранга таратты

Кечээ, 9-июнда Бишкек шаардык борбордук мечитинде 2019-жылы битир-садакадан топтолгон 508100 сом акча каражаты муктаждарга таратылды. «Бул жылы 20-майдан 25-майга чейин 534 жаран арыз менен кайрылган. Аларга эки категория боюнча жардам берилди. Жардамдар 700 сом жана …

Дальше »

Бишкек шаарындагы «Абдулла Салих» мечитинде муктаж 100 үй-бүлөгө 150 миң сомдук тамак-аш азыктары таратылды

Рамазан айынын урматына карата Бишкек шаарындагы «Абдулла Салих» мечитинде 100 үй-бүлөгө 150 миң сомдук тамак-аш азыктары таратылды. Кайрымдуулук иш-чара мечит имамы Жакыпбек Кайымов тарабынан уюштурлуп, майрамдык маанай тартууланган. «Рамазан айындагы мындай иш-чаралар бир туугандыкты жана …

Дальше »

Бишкекте өткөн азан айтуу сынагында 21 талапкердин ичинен 3 талапкер жеңишке жетишти

Кечээ, 25-март күнү Бишкек шаарындагы «Жами-и Надва» мечитинде Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгы жана «Мухаммед Умар» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган  азан айтуу боюнча  жарыштын шаардык туру  болуп өттү. Жарышка Бишкек шаарынын казысы  Садридин ажы Маджитов катышып, азан …

Дальше »

Бишкектеги «Ас Сомад» мечитинин имамы таштанды топтолуучу жайда күн көргөн жарандарды зыярат кылып, ырыскы табуу туурасында баяндама жасады

Бишкек шаарындагы «Ас Сомад» мечитинин имамы Азимжан Хашимжан уулу шаардын четиндеги таштанды топтолуучу жайда иштеген жарандарды зыярат кылып, ырыскы тууралуу баяндама жасап берди. «Кудай алдында ар бир мусулмандын даражасы бирдей. Даража бир гана Кудайдан коркуу …

Дальше »