Баткен казыяты студенттерге, муктаждарга жана майыптарга 632 миң сомдук битир-садага таратты

Баткен облустук мусулмандар казыяты тарабынан Баткен облусунун аймагындагы диний окуу жайлардын студенттерине, жетим-жесирлерге жана колунда жок үй-бүлөлөргө 2023-жылы чогулган битир-садаганын эсебинен жалпысынан 632 миң сомдук акчалай жардам таратылды. Битир-садага Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан кабыл …

Дальше »

Баткенде 3 кабаттуу медресенин курулушу башталды

Баткен облусунун Баткен районундагы Чек айылында жаңы медресенин курулушуна капсула салынды. Саамалыкка Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров, Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Учкунбек Жоробаев, имамдар жана медресе кызматкерлери, ошондой эле жергиликтүү тургандар катышып, …

Дальше »

Султанали ажы Гапуров Кызыл-Кыя шаарынан ажылык сапарга аттануучу жарандарга сабак өттү

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын фатва жана  диний адабияттар бөлүмүнүн башчысы ажы Султанали ажы Гапуров Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынан ажылык сапарына аттана турган жарандар менен жеринде жолугушуп, ажылыктын шарияттагы орду, ажылык сапарды туура аткаруу, сабырдуулук жана эл ичиндеги биримдик боюнча сабак …

Дальше »

Гапыр Мадаминов Баткен казыятынын Алкыш баракчасы менен сыйланды

Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов менен жолугушту. Жолугушууда  облус казысы Баткен казыятынын ишмердиги тууралуу айтып берди. Ошондой эле Гапыр Мадаминовду Баткен казыяты тарабынан ак динди элге жайылтууда, …

Дальше »

Гапыр Мадаминов Баткендеги медресе студенттери менен жолугушуп, убакытты туура пайдалануу боюнча акыл-насаатын айтты

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов Баткен шаарындагы «Муаз ибн Жабал» жана «Нур» медресесинин студенттери менен жолугушуп, «Илим алуу жана убакытты туура пайдалануу» темасында баяндама жасады. КР эмгек сиңирген мугалими жолугушуу алкагында окутуунун натыйжалуу ыкмалары, баланы мектепте ийгиликке …

Дальше »

Баткенде «Тарбия – энеден башталат, атадан уланат» аттуу иш-чара болуп өттү

Баткен облустук мусулмандар казыяты тарбиянын тамыры болгон ата-энелер үчүн кечээ, 30- апрелде Баткен облустук музыкалык драма театрында Гапыр Мадаминовдун «Тарбия- энеден башталат, атадан уланат» аттуу мотивациялык жолугушуу кечесин өткөрдү. Иш-чарага Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн …

Дальше »

Баткенде ажылыкка баруучу жарандар сасык тумоо жана менингитке каршы эмдөөдөн өтүшүүдө

Баткенде быйылкы ажылык сапарга бара турган зыяратчыларды сасык тумоо жана менингит ооруларына каршы эмдөө башталды. Баткен облусунан бул жылы 704 жаран ыйык Мекке шаарына барууга жолдомо алышкан болсо, учурда алар облустагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда эмдөө …

Дальше »

Баткенде студенттерге багытталган мотивациялык жолугушуу болуп өттү

Кечээ, 27-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү» жарлыгына ылайык, Билим  берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институтунун Баткен  филиалында окуган студенттерге «Аялзаттын бактысы» аталышында жандуу семинар өткөрүлдү. Иш-чарада Баткен шаардык кеңешинин депутаты, …

Дальше »

Баткен облусунун казысы “Ар бир чек арачыга бирден китеп” акциясына катышты

Эл аралык Китеп күнүнө карата КР УКМК Чек ара кызматы тарабынан уюштурулган “Ар бир чек арачыга бирден китеп” акциясына Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров баштаган казыят, медресе кызматкерлери катышты. Облус казысы акция алкагында КР …

Дальше »

Лейлекте айыл имамынын демилгеси менен Куран жарыш уюштурулду

Баткен облусундагы Лейлек районунун Лейлек айылында мечит имамы Марат Кубатбек уулунун демилгеси менен Куран  жаттоону үйрөнүп жаткан жаштар арасында сынак  болуп өттү. Сынакка  жалпысы 100 дөн  ашуун жаш жеткинчек балдар катышып, Курандын 28-29-30 паралары боюнча өз күчтөрүн сынашты. Жыйынтыгында …

Дальше »

Баткенде таравих намазында Куран хатм кылган карыларга умра сапарына жолдомо берилди

Баткен шаарындагы “Абу Бакр Сыдык” мечитинде таравих намазында Куран хатм окулду. Куранды 27 күн ичинде толук окуп берген карыларга мечит имамы Сайдакмад ажы Аппазовдун демилгеси менен мечит жамааты умра сапарына жолдомо ыйгарды. Баалуу сыйлыкты Баткен …

Дальше »

Сайдакмат ажы Аппазов: “Адамдын биринчи орунда жан дүйнөсү сулуу болушу керек”

Мындай пикирин Баткен облустук мусулмандарынын казыятынын үгүт-насаат жана мечиттер адиси Сайдакмад ажы Аппазов Баткен шаарындагы В.И.Ленин атындагы орто мектебинин директору Султанбек Момунов менен жолугушууда билдирди. Жолугушууда окуучулар арасындагы ар кандай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу, өспүрүмдөрдүн …

Дальше »