Баткен шаарындагы медресе мугалимдери 5 күндүк окуудан өтүшөт

Баткен шаарындагы  «Муаз ибни Жабал»  медресесинде  мугалимдердин билим деңгээлин жогорулатуу максатында 5 күндүк окуу семинары башталы. Семинардын башкы максаты мугалимдердин билим берүү сапатын жогорулатуу жана студенттер менен иш алып барууну өркүндөтүү болуп саналат. “Мугалимдердин квалификациясын …

Дальше »

Баткен облусунун казысы жол кырсыгынан каза болгон мекендештерибизди акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты

Орусиянын Ульяновск облусундагы жол кырсыгынан каза болгон мекендештерибиздин акыркы сапарга узатуу зыйнатына Баткен облусунун казы Нурдин ажы Мамасабиров  дин кызматкерлери катышты. Акыркы сапарга узатуу зыйнатында облус казысы  Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин жана …

Дальше »

Баткен облусунун казысынын орун басары Муса ажы Жолдошов мекен сакчылары менен жолугушуп, өз өмүрүнө кол салуунун шарияттагы орду боюнча баяндама жасады

Баткен облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Муса ажы Жолдошов № 707 ички аскер бөлүмүнүн жоокерлери менен жолугушуп, өз өмүрүнө кол салуунун шарияттагы орду боюнча баяндама жасады.  Муну менен катар Муса ажы Жолдошов  бирөөнө зыян келтирүү …

Дальше »

Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров иш сапары менен Зардалыга барып, жергиликтүү жашоочулар менен жолугушту

Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров иш сапары менен  алыскы Зардалы айылына барып, жергиликтүү жашоочулар менен жолугушту. Эл менен болгон жолугушууда облус казысы диний абал, казыяттын ишмердүүлүгү жана ысырапкерчилик, ынтымактын маанилүүлүгү туурасында баяндама жасады. …

Дальше »

Баткен казыяты дин кызматын аркалаган ардактуу аксакалдарга сый-урмат көрсөтүп, майрамдык маанай тартуулады

Баткен облустук мусулмандар казыяты  айт майрамына карата дин кызматын аркалаган  ардактуу  аксакалдарга сый-урмат көрсөтүлүп, майрамдык маанай тартуулады.  Саамалыктын алкагында аксакалдар  үчүн казыят тарабынан ыраазычылык кат, улуттук кийимдер, майрамдык баштыкчалар белекке берилди. Ал эми иш-чара алкагында …

Дальше »

Баткенде ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана дин кызматкерлерине тапшырмалар берилди

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин катышуусунда   ысырапкорчулукту жоюу боюнча   жыйын өтүп, ага казыят кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү  катышты. Жыйында өлкө башчынын “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жөнүндө” …

Дальше »

Баткен облусунун казысынын катышуусунда ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча жыйын өттү

Баткен облустук китепканасынын имаратында  облустун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабировдун жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, аксакал жана жаштардын катышуусунда  ысырапкорчулуктун алдын алуу маселеси талкууланды. Жыйындын катышуучулары  ысырапкорчулукка бөгөт коюу боюнча өлкө башчынын Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан чыккан фатваны  эл арасында биргеликте …

Дальше »

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү облус казысы Нуридин ажы Мамасабировду ардак грамота менен сыйлады

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим  Алимбаев  Баткен облусунун мусулмандар казысы Нуридин ажы Мамасабировду ардак грамота менен сыйлады. “Баткен облусунун социалдык -экономикалык абалын жакшыртууга,  коомдук жана жарандык маданий адеп-ахлакты, руханий баалуулуктарды калыптандырууда кошкон …

Дальше »

Өрнөк айылындагы мектепти 10 жыл мурун аякташкан жаштар муктаж айыл үй-бүлөлөргө тамак-аш түрүндө жардам көрсөтүштү

Өрнөк айылындагы мектепти 10 жыл мурун бүтүргөн айыл жаштары каражат топтошуп, жардамга муктаж айыл тургундарына тамак-аш түрүндө жардам көрсөтүштү.  Муну менен катар жаштар жергиликтүү мечитти оңдоп-түзөө үчүн дагы бардык аракеттерин кылышууда. “Биздин айылда бул көрүнүш салтка айланып калгандай. Себеби, мектеп бүтүрүүчүлөрү …

Дальше »

Баткенде КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин катышуусунда диний кырдаал талкууланды

Баткен  мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү,  диний окуу борборлордун мугалимдери жана Баткен районундагы дин кызматкерлдердин катышуусунда жыйын болуп өттү. Ар кыл тармактын өкүлдөрү чогулган жыйынга КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим …

Дальше »

Лейлектеги «Абдулла ибни Аббас» ислам институтунун студенттерине экстремизм, терроризм боюнча маалыматтар берилди

Лейлек районуна караштуу «Абдулла ибни Аббас» ислам институтунун студенттерине Лейлек РИИБнүн ЭММКАКнын улук ыйгарымдуу кызматкери милициянын капитаны Дастанбек Кумарбаев, Лейлек РИИБнүн ЭММКАКнын ыйгарым укуктуу опер кызматкери милициянын ага лейтенанты Кубанычбек Тайлаковдун катышуусунда түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. …

Дальше »

2015-жылдан бери уюштурулуп келе жаткан студенттер аралык футбол оюну быйыл «Азирети Али» диний окуу жайында өттү

Айдаркен шаарында Баткен облусундагы диний окуу жайдардын  студенттери арасында футбол  оюну боюнча мелдеш өтүп, жалпы 9 окуу жайдан келген командалар ат салышты. «Илим алган окуучуларга аз да болсо стимул болсун деп ушундай иш-чараны силерге уюштурдук. Талашып-тартышпай силер …

Дальше »