Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Лейлек райондук хатибиятынын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Баткен облусундагы иш сапары алкагында Лейлек райондук хатибиятынын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты. Райондун баш имам хатиби Абдиравшан ажы Дүйшөев 2020-жылдагы хатибияттын ийгиликтери жана алдыга коюлган иш мерчемдин аткарылышы боюнча маалымат берип, КМДБ жана облустук казыяттын тапшырмалары өз учурунда коомчулукка жеткирилип  жаткандыгын маалымдады. Ал эми …

Дальше »

Баткен районунда имамдын демилгеси менен муктаж үй-бүлөлөргө 4 тонна көмүр таркатылды

Баткен районунун Бай Кара-Бак  айылындагы муктаж үй-бүлөлөргө акысыз көмүр таратылды. Кайрымдуулук иш-чарасы мечит имамы Абдурахман Гапаровдун демилгеси менен уюштурулду. “Ислам дининде алган колго караганда берген кол артык» деп айтылат. Ошондуктан бул сөзгө амал кылуу максатында демөөрчүлөрдүн колдоосу менен муктаждарга соопчулук иштерин уюштуруп жатабыз”, – …

Дальше »

Курбанали Ноорузов: Жаштарга туура багыт берип, адептүүлүккө чакыруу учур талабы

Баткен облусунун Лейлек районунун хатибиятынын кызматкери Курбанали Ноорузов аймактагы Ташболот Жапаров атындагы мектепте окуучулар менен жолугушуу өткөрдү. Анда окуучуларга адептүүлүк, өз өмүрүнө кол салуунун кесепети, жаштарды билимге кызыктыруу жөнүндө баяндамасын жасап, окуучулардын мындан аркы окуусуна ийгиликтерди …

Дальше »

Кызыл-Кыяда дин кызматкерлери коомчулукту санитардык эрежелерди так сактоого чакырышты

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Кызыл-Кыя шаардык хатибияты өлкөбүздөгү эпидемиологиялык кырдаалга   байланыштуу тажы илдетин алдын алуу максатында коомчулукту беп кап тагынып, санитардык эрежелерди сактоого чакырышты. Бул тууралуу Кызыл-Кыя шаарынын баш имам хатиби Мукадас ажы …

Дальше »

Азирети Муфтий КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен жолугушту

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жалалов Жаныбек Махматалиевич менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушууда Азирети Муфтий Баткен облусуна болгон иш сапарынын максатын айтып, аймактагы диний кырдаал талкууланды. Эки тараптуу жолугушууда …

Дальше »

Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев иш сапары менен Баткен облусуна барып, жергиликтүү эл жана облустагы дин кызматкерлери менен жолукту

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин өрүкзаарлуу Баткен облусуна расмий иш сапары менен барып, Баткен шаарындагы «Абу-Бакр Сыдык» атындагы мечитте  жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Эл менен болгон жолугушууда Азирети Муфтий  «Ислам дини», «Ата-энени сыйлоо», «Достук» …

Дальше »

Баткенде «Адам жаны аманат» аталышындагы апталык иш-чара жогорку деңгээлде өтүп, айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин буйругу жана Баткен облусунун мусулмандар казысы Пазыл ажы Султанмуратовдун тапшырмасы менен Баткен облусунун  Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү шаарларында жана Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунда «Адам жаны аманат» аталышындагы апталык иш-чара …

Дальше »

Баткен районунун имамдарынын билимин жогорулатуу курсу башталды

Баткен облустук мусулмандар казыятынын 2020-жылдагы иш мерчемине ылайык, 8-декабрь күнү Баткен райондук хатибияты менен биргеликте Баткен районунун имамдарынын диний билимин жогорулатуу курсу башталды. Курс алкагында имамдарга зарыл болгон акыйда, хадис, фыкх, сабактарына басым жасалат. Сабактарды казыяттын …

Дальше »

Лейлек райондук хатибияты жыл жыйынтыгын чыгарды

Лейлек районунун баш имам хатиби Абдиравшан ажы  Дүйшөев аймактагы имамдарга жыйын өткөрүп, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы  жана казыят тарабынан жиберилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча маалыматтарын укту. Ошондой эле имамдар жыйындын алкагында жыл жыйынтыгын чыгарышып, жетишкендиктер менен кемчиликтерге токтолушту.  Ал эми Лейлек районунун баш имам …

Дальше »

Баткен облусунун казысы “Баткен медиа” борборунун директору менен жолугуп, Радио жана телевидение кызматкерлеринин күнү менен куттуктады

Бүгүн, 8-декабрда Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов “Баткен медиа” борборунун башкы директору Алим Токторов менен жолугушту. Жолугушууда облус казысы Пазыл ажы Султанмуратов коомчулукту ынтымакка, биримдикке, тынчтыкка, тазалыкка жана ыйман, адепке чакырууда радио жана телевидениенин …

Дальше »

Баткенде «Адам жаны — аманат» акциясы өтүп жатат

Бүгүн, 3-ноябрь Баткен шаарында Баткен облустук мусулмандар казыяты район-шаарлардагы хатибияттар менен ИИМдин Баткен облусундагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы биргеликте жол кырсыгынын көбөйүп жаткандыгына байланыштуу «Адам жаны аманат» аталышында акция өткөрдү. Акция алкагында дин кызматкерлери …

Дальше »

Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов жол кырсыктарын алдын алууда Кадамжайдын элине түшүндүрүү иштерин баштады

Бүгүн, 27-ноябрь күнү Баткен облусунун казсы Пазыл ажы Султанмуратов эл арасында ынтымак, биримдикти бекемдөө, коронавирус илдеттин жайылуусуна жол бербөө, жол кырсыктарын алдын алуу  жана башка багытта түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында иш сапары менен Кадамжай районуна …

Дальше »