Баткен районунун баш имам хатиби Муса ажы Жолдошов кыргыз-тажик чек арасындагы айылда жергиликтүү эл менен жолукту

Иш-чара Баткен районунун Көк-Таш айылындагы «Исмаил Ата» мечиттинде өткөрүлүп, 200 дөн ашуун жергиликтүү жашоочулар катышты. Жолугушууда райондун баш имамы  элди сабырдуулука, эки элдин мамилесин бузуучу аракеттерден алыс болууга чакырды. Ошондой эле Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы …

Дальше »

Баткен районунда мектеп окуучулардын таалим-тарбиясына көңүл бурган жыйын болду

Кечээ, 4-мартта Баткен районунун Бужум айылындагы “Тажибай Мурзапаров” атындагы орто мектепте “Баланын орду көчөдө эмес, мектепте” деген теманын алкагында иш-чара болуп  өттү. Иш-чарага Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн  башчысы Олжобай Мажлимов, райондун баш имам хатиби …

Дальше »

Сүлүктү шаарында жаштар арасында Куран жаттоо жана азан айтуу жарыш болуп өттү

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында  жаштарды ыймандуулукка жана Куран үйрөнүүгө кызыктыруу максатында Куран жаттоо жана азан айтуу боюнча  жарыш болуп өттү. Иш-чарага баш имам хатиби Артыкбай Мадаминов Сүлүктү шаарынын  мэринин орун басары Бовек Эргашев, Сүлүктү шаарынын  …

Дальше »

Исфанада медресе кыздары арасында таймаш болуп өттү

Баткен облусунун Исфана шаарындагы “Абдулла ибн Аббас” медресесинде окуу жайда өтүлүүчү сабактар жана тамак аш жасоо боюнча  Лейлек районундагы “Таир” жана Исфана шаарындагы “Абдулла ибн Аббас” медреселеринин кыздары  арасында таймаш болуп өттү. “Иш-чара эки медресе …

Дальше »

Казыяттын иш башкарма башчысы Абдусаттар Жакыпов «Абдулла ибн Аббас» медресесинин ишмердүүлүгү менен таанышты

Баткен казыятынын иш башкарма башчысы Абдусаттар Жакыпов Исфана шаарындагы «Абдулла ибн Аббас» медресесинин ишмердүүлүгү менен таанышып, студенттерден  кабар алды. Иш сапарынын жүрүшүндө Абдусаттар Жакыпов  студенттер менен илим алуу тууралуу маектешип, медресе студенттерин терең билим алууга, …

Дальше »

Абибилла ажы Кадырбеков: Имам – бул адамдарды туура жолго чакырган, жамандыктан кайтарган инсан

Кечээ, 27-февралда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев жана Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратовдун катышуусунда  Баткен облусунун Лейлек районундагы жана Сүлүктү шаарынын имамдардын жыйыны болуп өттү. Ааалымдар Кеңешинин төрагасы имамдар менен болгон …

Дальше »

Исфана шаарында мектеп окуучуларын адептүүлүккө чакырган жолугушуу өттү

Кечээ, 27-февралда Баткен облустук мусулмандар казыяты жана Лейлек райондук хатибияты тарабынан Исфана шаарындагы Юрий  Гагарин атындагы орто мектебинде 9-10-11-класстардын окуучуларын адептүүлүккө  чакырган жолугушуу иш-чарасы болуп өттү. Жолгушууда Баткен казыятынын иш башкарма башчысы Абдусаттар Жакыпов “Ата-энени сыйлоо” …

Дальше »

Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев Кызыл-Кыя шаарында имамдын милдети боюнча баяндамасын жасады

Кечээ, 26-февралда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын борбордук мечитинде шаар имамдарына намаз убактылары, ай көрүү маселелери жана имамдык милдет боюнча атайын сабак уюштурду. Муну менен катар Аалымдар Кеңешинин …

Дальше »

Баткен районун имам хатиби мектеп окуучуларына билим алуунун зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Кечээ, 25-февралда Баткен районунун Чек жана Жаңы-Жер айылдарында жогорку класстын окуучуларына терроризмди алдын алуу, ата-энени урматтоо, ислам дининин асыл баалуулуктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Иш-чарага Баткен районунун баш имам хатиби Муса ажы Жолдошов,  Баткен РИИБнин …

Дальше »

Баткен шаарында аялдар арасында Куран жарышы болуп өттү

Кечээ, 25-февралда Баткен облустук мусулмандар казыяты тарабынан  аялдарды Куран  жаттоого кызыктыруу максатында Куран жарышы өткөрүлдү. Иш-чарага облус казысы Пазыл ажы Султанмуратов катышып, Куран жаттоо жана башкаларга үйрөтүүнүн сообу туурасында  айтып, катышуучуларды Куран жаттоого жана ага …

Дальше »

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Сайдилла ажы Сайдакматов 42 жыл дин кызматын аркалаган

Баткен облусунун Баткен районундагы Дара айыл өкмөтүнө караштуу Кайынды айылында жашаган, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери  Сайдилла ажы Сайдакматов 42 жыл айылда имамдык кызматты аркалаган. Азыр анын жолун уулу Абдулаким ажы Сайдакматов улантууда. Уулу  Баткен …

Дальше »

Баткен облусунда дин кызматкерлери иш кагаздарын жүргүзүүнү үйрөнүштү

Бүгүн, 20-февраль  күнү Баткен облусунун мусулмандар казыяты жана КРнын ДИМКнын Баткен облусундагы өкүлчүлүгү биргеликте уюштурган дин кызматкерлери үчүн иш кагаздарын жүргүзүү боюнча окуу семинары болуп өттү. Аталган семинарга райондордун баш имам-хатибдери, диний окуу жайлардын мүдүрлөрү …

Дальше »