Азирети Муфтий Баткенде классташтар тарабынан курулган мечиттин ачылышына катышты

Бүгүн, 17-декабрь күнү Баткен районунун Кызыл-Бел айылында  Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин катышусунда жергиликтүү айылдын 1985-жылы туулган жаштарынын демөөрчүлүгү менен курулган, жаңы заманбап мечиттин ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Кырызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин …

Дальше »

Баткенде медресе студенттери үчүн китепканага саякат уюштурулду

Баткен шаарындагы «Муьаз ибн Жабал» медресесинин студенттери узап бараткан «Адабият күнүнө», өзгөчө залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата шаардагы борбордук китепканага саякат уюштурушту. Саякаттын жүрүшүндө китепкана залдары, китеп көргөзмөлөрү, китепкана эрежери менен таанышып чыгышты. …

Дальше »

Баткенде шаарында бейтап тургун зыярат кылынып, материалдык жардам көрсөтүлдү

Баткен шаарындагы Кызыл-Жол кварталында кезектеги кайрымдуулук  иш-чара уюштурулду. Кызыл-Жол кварталынын “Абу Бакр” атындагы мечитинин имамы Кожали Абазовдун демилгеси жана жергиликтүү жашоочулардын колдоосу менен айылдагы сыркоолоп жүргөн тургунга колдоо көрсөтүү максатында 76 миң сом акчалай жардам көрсөтүлдү. «Динибизде оор абалдагы муктаждарга жардам берүү ибадат деп айтылат. …

Дальше »

Баткенде дагы бир имамга автоунаа белек кылынды

Баткен районунун Кара-Бак айылындагы «Токтогул Баба» мечитинин имам-хатиби Сапарбай Акматовго аталган айылдын эки ишкери тарабынан Honda Jazz үлгүсүндөгү автоунаа белекке берилди. Сапарбай Акматов имам-хатиб кызматын 34 жылдан бери аркалап келет. Учурда дин кызматкерлеринин арасында талбай, …

Дальше »

Алмухаммед Мизамидин уулу: “Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын муктаждыктарын камсыздоо биздин милдет”

Кечээ, 5-декабрь күнү  Сүлүктү шаарынын баш имам-хатиби Алмухаммед Мизамидин уулу жетектеген хатибият кызматкерлери Сүлүктү шаарындагы аярлуу катмар өкүлдөрүнөн кабар алып, алардын ал-акыбалын сурап, акчалай белектерин тапшырып келишти. “Динибизде алган колго караганда берген кол артык экени айтылат. …

Дальше »

Жаңы-Жер айылында мектеп окуучуларына терс диний агымдар боюнча түшүндүрүү иш-чарасы өттү

Бүгүн, 5-декабрда Баткен районунун Жаңы-Жер айылындагы Азирети Али  мечитинин имам-хатиби Ибрахим Бекназаров укук коргоо кызматкерлери менен биргеликте мектеп окуучуларына дин маселелерин түшүндүрүп, экстремизм жана терроризм туурасында маалымат лекциясын окуп, ата-энени, Мекенди, элди-жерди сүйүүгө үндөдү. “Ыйык Куранда эң …

Дальше »

Баткен казыятынын кызматкерлери Кара-Бак айылындагы мечиттин курулушунан кабар алды

Баткен облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Муса ажы Жолдошов баштаган казыят кызматкерлери Баткен районунун Кара-Бак айылындагы эски мечиттин ордуна курулуп жаткан узундугу 10, туурасы 12 метр өлчөмүндөгү заманбап үлгүдө мечиттин курулуш иштери менен жеринде таанышты. Аталган …

Дальше »

Баткенде окуучуларды адептүүлүккө багыттаган иш-чара болуп өттү

Баткен шаарындагы Сайдахмад уулу Мирболот атындагы мечиттин имамы Муртаза Акматов шаардагы №3 Айтпай Имаров атындагы мектеп окуучулары менен жолукту. Иш-чарага укук коргоо кызматкерлери жана мугалимдер катышты. Иш-чара алкагында окуучуларды коомдогу терс көрүнүштөрдөн алыс болуу, ата-энени, …

Дальше »

Баткенде мечиттерди каттоодон өткөрүү жаатында жыйын болду

Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Учкунбек Жоробаевдин жетекчилиги астында Баткен районунун  аймагындагы ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан мечиттер, алардын документ иштери жаатында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, дин кызматкерлери менен кеңири талкуулар жүрүп, жаралган маселелер жана кыйынчылыктар туурасында Баткен …

Дальше »

Баткенде 40 баш кой, 10 эчки муктаж үй-бүлөлөргө таратылып берилди

Кечээ, 3-декабрда Баткен шаарынын Кызыл-Жол айылында башкаларга үлгү болорлук ири саамалык өттү. Аталган айылда 7 миңден ашуун калк жашайт. Бул айылдын имамдарынын жана “Абу Бакр” атындагы мечитинин имамы Кожали Абазовдун демилгеси менен жалпы 20 үй-бүлөгө, …

Дальше »

Баткен шаар-райондук хатибияты муктаждарга 60 миң сомдук кышкы кийим таратты

Бүгүн, 2-декабрда Баткен шаар-райондук хатибияты Баткен шаарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен ден соолугу оор абалдагы бейтаптарга кайрымдуулук жардамдарын көрсөтүүдө. Баткен шаар-районунун баш имам-хатиби Абдурашид ажы Юнусовдун айтымында, жардам 20 муктаж үй-бүлөгө таратылды. Ар бир үй-бүлөгө 3 миң сомду түзгөн жалпы …

Дальше »

Баткен казысынын демилгеси менен мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга кайрымдуулук жасалды

3-декабрь — Эл аралык майыптар күнүнө карата Баткен район-шаарындагы  ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга  жардам көрсөтүү максатында Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нурдин ажы Мамасабировдун демилгеси менен район-шаарда жашаган  үч жаранга 10 миң сомдон кайрымдуулук жардам көрсөтүлдү. …

Дальше »