«Нур» медресесинде футбол мелдеши өттү

Кечээ, 30-ноябрда Баткен районундагы «Нур»  медресесинин студенттери арасында спорттун кичи футбол оюну боюнча мелдеш өттү. «Спорт ден соолукту эле эмес, ынтымакты, достукту бекемдейт. Ошондой эле динибиз да сергек жашоого чакырат. Андыктан студенттерди ар тараптан өнүктүрүү …

Дальше »

Баткен облустук казыятында отчёттук жыйын өткөрүлүп, алгылыктуу иш алып баргандар сыйланды

Кечээ, 29-ноябрь күнү Баткен облустук мусулмандарынын казыятында  аймактагы район-шаарлардын баш имам-хатибдерине жана медресе мүдүрлөрүнө жыйын болуп өттү. Жыйында Кыргыз Республикасынын Коргоо Кеңешинин “Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты” жөнүндө чечимин ишке ашыруу, сунний багытындагы Матуридий акыйдасы жана …

Дальше »

Кызыл-Кыя шаарында коомдогу терс көрүнүштөрдү болтурбоо максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын жыйындар залында шаар мэри Асилбек Мааткалыков, шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, милициянын подполковниги Бактияр Жалалов, ШИИБ кызматкери Нурали Абдурахманов жана Кызыл-Кыя шаарынын баш имам хатиби Ниймат ажы …

Дальше »

Баткенде мугалимдер менен студенттерге диний түшүндүрүү-профилактикалык иш-чарасы болуп өттү

Бүгүн, 21-ноябрда Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы 2021-2026-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын аткаруу алкагында Баткен мамлекеттик университетинин мугалимдери жана студенттерине “Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат, дин таануу жана радикализм, экстремизм, терроризмдин алдын алуу” …

Дальше »

Сайдахмад ажы Аппазов: “Баланын келечегине ата-энесинин берген тарбиясы абдан маанилүү”

Баткен облусунун Баткен шаарындагы №4 мектеп-гимназиясында Кыргыз жараны концепциясын жайылтуу максатында ата-энелерге багытталган «Билим менден башталат» аттуу семинар уюштурулду. Иш-чарага Баткен казыятынын кызматкери Сайдахмад ажы Аппазов катышып, окуучулардын  билим, тарбия алуусунда ата-энелер менен чогуу аракеттенүү, …

Дальше »

Лейлекте жаштар арасында Куран окуу жарышы өттү

Кечээ, 19-ноябрда Лейлек райондук хатибияты «Адеп башаты Баткен» диний уюму менен биргеликте Лейлек районунда жаштар арасында айыл өкмөттөр аралык Куран жарыш өткөрдү. Куран жарыш Лейлек районунун Кулунду айылындагы «Кулунду» жамаат мечитинде болуп, 30 жакын жаш …

Дальше »

Баткен районунун баш имам-хатиби Бужум айылынын тургундары менен жолукту

Баткен шаар, районунун баш имам-хатиби Абдурашид ажы Юнусов райондун Бужум айылындагы «Бужум 4» мечитинде жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда аталган мечиттин жаңы кызматка дайындалган имамы Муратбек Тажибаевди жамаатка тааныштырып, жоопту ишине ийгилик каалады. Ал …

Дальше »

Баткенде облустук деңгээлде Куран жарышы болуп өттү

Кечээ, 15-ноябрда Баткен шаарындагы “Нуьмани” борбордук мечитинде облустук деңгээлде республикалык Куран жарышына тандап алуу конкурсу болуп өттү.  Куран жарышты облус казысы Нуридин ажы Мамасабировдун жетектөөсү менен Баткен казыятынын кызматкери  Сайдахмад ажы Аппазов жана Баткен шаар-райондук хатибияты биргеликте өткөрдү.   …

Дальше »

Баткенде пайгамбарыбыз Мухаммадга (с.а.в.) арналган ыйман кечеси өттү

Кечээ, 12-ноябрь күнү Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы мечитте «Канткенде Мухаммад (с.а.в.) пайгамбарыбызга сүйүктүү үммөт болобуз?», — деген темада ыйман кечеси өткөрүлдү. Программада эң көп салават жаттаган, эң көп хадис, эң көп сүрө, эң көп дуба …

Дальше »

“Муьаз ибн Жабал” медресесинин студенттери “Айгүл-Тоо” музейине экскурсия жасашты

Баткен шаарындагы «Муъаз ибн Жабал» медресесинин 1-курсунда билим алып жаткан студенттерине БатМУнун алдындагы «Айгүл-Тоо» жергиликтүү тарыхый-маданий музей комплексине экскурсия уюштурулду.  Экскурсиянын жүрүшүндө студенттерге музей кызматкери Баткен чөлкөмүндөгү тарыхый маанилүү окуяларды, адамдар тагдырын чагылдырган уникалдуу экспонаттар жана …

Дальше »

Баткенде мечит имамына достору автоунаа белек кылышты

Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Тажикстан менен чектешкен Кызыл-Бел айылынын имамы Жусупбек Кудайбердиевге жергиликтүү айылдын 1985-жылы туулган тургундары акча чогултуп Nexia үлгүсүндөгү автоунаа белек кылышты.  “Биз 1985-жылы туулган айылдын тургундары, буга чейин да соопчулук үчүн …

Дальше »

Раззаков шаарында «тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө» карата эскерүү митинги өттү

Раззаков шаарында «тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө» карата эскерүү митинги өттү. Иш-чарага Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, мекеме ишканалардын жетекчилери жана райондун ардактуу аксакалдары катышты. «7-8-ноябрь – бул элибиздин …

Дальше »