Токмок шаары жана Жаңы-Пахта айылында жалпы журтчулуктун амандыгын, тынчтыгын тилеп түлөө өткөрүлдү

Чүй облусуна караштуу Токмок шаарынын баш имам хатиби Имиржан ажы Касымовтун демилгеси менен «Шакирхан Төрө» мечитинде, элдин амандыгы, жалпы журттун тынчтыгы үчүн бата тиленип, түлөө өткөрүлдү. Бул аталган жөрөлгөгө Токмок шаарынын баш имам хатиби Имиржан …

Дальше »

Чүй облусундагы бардык диний мекемелерде жапырт ишембиликке чыгышты (фоторепортаж)

Чүй облусуна караштуу бардык диний мекемелерде Чүй казыятынын буйругунун негизинде ишембилик өткөрүлүп, айлана-чөйрөнү тазалоо иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Чүй казыятына райондогу баш имам хатибтер билдиришти. Тазалык иш-чараларына баш имам хатибтер, айылдык имамдар, жергиликтүү жамаат …

Дальше »

Чүй казыятынын көзөмөлүндөгү бардык мечит жана диний окуу жайлар дезинфекциялоодон өтүштү

Бүгүнкү күнгө чейин КМДБ жан Чүй казыятынын буйруктарына ылайык, Чүй облусунун мусулмандар казыятынын көзөмөлүндөгү бардык мечит жана диний окуу жайларда коронавирусту алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери менен биргеликте, бир ирет дезинфекциялоо иштери да аяктады. Аталган …

Дальше »

Токмок шаарындагы мечит жана медреселердин дээрлик бардыгы дезинфекцияланса, Жайыл районунда бул иш улантылууда

Чүй облусунун Токмок шаарындагы мечит, медресе жана окуу борборлору коронавирустун алдын алуу максатында дезинфекциялоодон өтүштү. Бул туурасында  Токмок шаарынын баш имам хатиби Имиржан ажы Касымов билдирди. Маалыматка ылайык бүгүнкү күнгө чейин шаар ичиндеги диний мекемелердин …

Дальше »

Токмок шаарындагы «Токмок» медресеси дезинцекцияланды

Чүй облусуна караштуу Токмок шаарындагы «Токмок» медресеси коронавирусту алдын алуу максатында дезинфекциялоодон өттү. Бул тууралу Токмок шаарынын баш имам хатиби Имиржан ажы Касымов билдирди. Анын айтымында, аталган иш-чара Токмок хатибиятына караштуу бардык мечит, медресе жана …

Дальше »

Чүй казыяты элибиздин амандыгын тилеп, түлөө өткөрүштү

Бүгүн, 12-март күнү Чүй облусунун Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылындагы «Хадижа» мечитинде Чүй облусунун мусулмандар казыяты кайрымдуу жарандар менен биргеликте мамлекетибиздин бүтүндүгү, элибиздин амандыгы, ар кандай апааттардан алдын алуу максатында түлөө өткөрүлдү. Жалпы журтчулуктун ар түрдүү …

Дальше »

Чүй облусунда медресе, диний окуу борбор жана мекемелерде дезинфекциялоо иштери кызуу жүрүүдө

Чүй облусундагы бардык медресе, диний окуу борбор жана мекемелерде коронавирусту алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери, тазалоо жана дезинфекциялоо кызуу жүрүп жатат. Аталган иш-чараларда дарыгерлер медресе, диний окуу борбор жана мекемелерде лекцияларды өтүп, атайын дезинфекция иштерин …

Дальше »

Ысык-Ата районунда жардамга муктаж 105 үй-бүлөгө азык-түлүк баштыкчасы таратылды

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун баш имам хатиби Бактыбек ажы Убабеков, Ысык-Ата райондук хатибияттын демилгеси, райондогу имамдар жана кайрымдуу жеке ишкерлердин демөөрчүлүгү менен Кең-Булуң, Ивановка, Сын-Таш жана Нурманбет аймактарындагы кары-картаңдарга жана колунда жука үй-бүлөлөргө күнүмдүк …

Дальше »

Кең-Булуңдагы «Ала-Тоо» медресесинин окуучуларына тазалык жана коронавирустун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иш-чарасы болуп өттү

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районундагы Кең-Булуң айылында жайгашкан «Ала-Тоо» медресесинин окуучуларына жана аталган медресенин мугалимдерине өздүк гигиена, тазалык жана дүйнө жүзүнө тарап жаткан коронавирус оруусун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү. Ага Гидростроитель айылынын үй-бүлөлүк …

Дальше »

Токмоктогу «Мустафа» ислам медресесинде дарыгер тазалык жана коронавирусту алдын алуу боюнча түшүндүрүү иш-чарасын жүргүздү

Чүй облусуна караштуу Токмок шаарындагы «Мустафа» ислам медресесинин окуучуларына жана аталган медресенин мугалимдерине өздүк гигиена, тазалык жана дүйнө жүзүнө тарап жаткан коронавирусду оруусун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү. Аталган иш-чара Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын …

Дальше »

Кеминде имамдардын диний илимин жогорулатуу боюнча атайын сабактар өтүлүүдө

Чүй облусуна караштуу Кемин районунун баш имам хатиби Куттубек ажы Дүйшөбаевтин демилгеси менен, Кемин районундагы айыл имамдарынын диний билимин жогорулатуу максатында атайын сабактар уюштурула баштады. Бул тууралу райондун баш имам хатиби Куттубек ажы Дүйшөбаев билдирди. …

Дальше »

Чүй облусундагы мечиттерде коронавирустан коргонуунун жолдору айтылды

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жана Саламаттык сактоо министрлигинин кайрылуусу боюнча, коронавирустун алдын алуу максатында Чүй казыятына караштуу мечиттердеги жума намазына келген жарандарга коронавирус жанан андан кантип сактануу керек экендиги тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. КМДБ берген …

Дальше »