Түп районунун баш имам-хатиби сел жүргөн Кең-Суу жана Байзак айылдарына барып, жергиликтүү тургундарды сабыр кылууга чакырды

Түп районунун баш имам-хатиби Бакыт ажы Кайкиев Кең-Суу  айылына барып,  табият кырсыгынан жабыркаган эл менен жолукту. Жергиликтүү тургундарды баш имам-хатиб сабырдуулукка чакырып, Алл Таалага дуба кылуу керектигин баса белгиледи. «Жер титирөө, сел каптоо, көчкү сыяктуу …

Дальше »

Ананьеводо мектеп окуучуларына түшүндүрүү иши жүргүзүлдү

Ысык-Көл районунун Ананьево айылынын Ж. Турусбеков атындагы орто мектебинде окуучулар менен жолугушуу уюштурулуп, анда айыл имамы Бекбосун Дияров «Ыймандуулук жашоо маңызы» аттуу темада маалыматтык сабагын өттү. Бул иш-чара райондук хатибияттын жардамы менен өтүп, саамалыкка баш имам-хатиб Максат Сейталиев, участкалык …

Дальше »

Кароол-Дөбөдө аз камсыз болгон 20 үй-бүлөгө 60 миң сомдук Рамазан баштыгы берилди

Ысык-Көл районунун Кароол-Дөбө айылында жардамга муктаж 20 үй-бүлөгө рамазандык жардам көрсөтүлдү. Бул туурасында баш имам-хатиб Максат Сейталиев билдирди. Азык-түлүк түрүндө көрсөтүлгөн жардамдын жалпы суммасы 60 миң сомду түзсө, ар бир үй-бүлөгө берилген Рамазан баштыгынын наркы 3 миң …

Дальше »

Бакыт ажы Кайкиев “Кайкин” мектебин зыярат кылып, окуучуларга лекция окуду

Кечээ, 6-апрель күнү Түп районунун баш имам-хатиби Бакыт ажы Кайкиев “ Кайкин” мектебинин окуучулары менен жолугушту. Мектеп жетекчилиги менен макулдашуунун негизинде өткөн жолугушууга окуучулар жана мугалимдер  катышты. “Жашоодогу адептүүлүктүн орду” аттуу жолугушуунун максаты окуучуларга, экстремизм, терроризмдин жаңылыштыгы, «Дин жана жашоо», …

Дальше »

Караколдо “Кайрымдуулук дүкөнү” уюштурулуп, муктаждарга бекер тамак-аш таратылууда

Каракол шаардык хатибияты Рамазан айында өзгөчө кайрымдуулук ишин өткөрүүдө. Бул туурасында Каракол шаарынын “Иброхим Ажы” мечитинин имамы Рустам ажы Ыбыкеев билдирди. Анын айтымында, мечиттин жанында атайын “Кайрымдуулук дүкөнү” уюштурулуп, бир ай бою муктаждарга бекер тамак-аш …

Дальше »

Ысык-Көл казыяты күнүнө 400 адамга ооз ачарлык өткөрүүдө

Ысык-Көл облустук казыяты Рамазан ичи күнүнө 300-400 адамга ооз ачырып келет. Облус казысынын айтымында жоомарт инсандар демөөрчүлүк кылып, казыят уюштурууда. “Ыйык Рамазан айында орозо кармагандарды сыйлап, ифтарда аларга ооз ачыруунун сообу өтө чоң. Рамазан айы …

Дальше »

Кара-Ой айылынын мечитинде ремонт иштери жүрүүдө

“Тоң районунун Кара-Ой айылынын эски мечити учурда оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Демөөрчү ошол эле айылдык жеке ишкер. Мечит жамааты да колдоо көрcөтүп, иш кызуу жүрүүдө”, – дейт Таалайбек ажы Акунов. Аталган айылдын мечитинин абалы өтө начарлап, дааратканасы …

Дальше »

Таалайбек ажы Акунов мектеп окуучуларын ыймандуулукка чакырды

Таалайбек ажы АкуновТоң районунун бир катар орто мектептерин зыярат кылып, мектеп жетекчилери, ата-энелери, мугалимдер менен жолугуп, мектеп окуучуларына зордук-зомбулук, мектептеги талап-тоноочулук, суицид, ата-энени урматтоо маселелерин камтыган “Адептүүлүк менен келечекке кадам” темасында лекция окуду. Таалим-тарбия сабагынын …

Дальше »

Кара-Шаар айылындагы мечиттин алдына унаа токтоочу жай курулду

Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районундагы “Кара-Шаар” мечитинин айланасында курулуш иштери жүрүп жатат. Мечит имамы Таалайбек Букаевдин айтымында, мечиттин айланасын курчоо, унаа токтоочу жайды куруу ж.б оңдоп-түзөө иштерине кеткен чыгымды жергиликтүү ишкерлер көтөрүүдө. “Мечитке келген жарандар автоунааларын …

Дальше »

“Бөкөнбаев” мечитинде элдин колдоосу менен курулуш иштери жүрүүдө

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы “Бөкөнбаев” мечитинде курулуш иштери жүрүп, диний объектинин дааратканасы, душу, ысык-муздак суусу бүткөрүлүүдө. Курулушту каржылаган жергиликтүү жамаат экенин айткан Таалайбек ажы Акунов буларга токтолду: “Элдин күчү менен мечитибизде курулуш кызуу жүрүүдө. Мечиттин …

Дальше »

Өрнөктө өспүрүмдөр арасында Куран жарышы өтүп, ага 70 бала катышты

Ысык-Көл районунун Өрнөк айылынын мечитинде Куран жарышы өткөрүлүп, анда 70 бала күч сынашты. Куран жарышта алдыга суурулуп чыккандарга акчалай сыйлык жана ар бир катышуучуга Куран китеби белек кылынды. «Муфтийдин тапшырмасына ылайык жер-жерлерде Куран жарыштарын өткөрүп …

Дальше »

Ысык-Көл облусу боюнча ишембилик өткөрүлдү

КР Президентинин улуттук тазалык күнү жөнүндөгү жарлыгына жана 2023-2025-жылдарга тиричилик калдыктарын башкаруунун натыйжалуу инфраструктурасын түзүү боюнча иш-чаралардын планына, ошондой эле Рамазан айына карата ишембилик өткөрүү боюнча Азирети Муфтийдин буйругуна ылайык облус боюнча массалык түрдө ишембилик …

Дальше »