Ак-Талаа районунда ишембилик өткөрүлүүдө

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы мечиттердин айланасын тазалоо иштери  башталды. Бул тууралуу Ак-Талаа районунун баш имам хатиби Акылбек Эсеналиев билдирди. Анын айтымында, Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Ак-Талаа мечитинде өткөн жума күнү ишембилик болуп, мечиттин айланасын тазалоо …

Дальше »

Нарын казыятынын кызматкерлерине, имамдарга жана медресе мугалимдерине кургак учук боюнча маалымат берилди

«Кургак учукту айыктыруу» долбоорунун алкагында Нарын облустук мусулмандар казыятынын кызматкерлерине, мечиттердин имамдарына жана Нарын медресесинин мугалимдерине кургак учукту алдын алуу боюнча маалыматтар берилди. Ага  Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын диний окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы …

Дальше »

Ат-Башыда Муфтият тарабынан келген 200 даана Куран китептери мечиттерге таратылып берилди

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы мечиттерге Муфтият тарабынан келген Куран китептери имамдарга таратылып берилди. Бул тууралуу Ат-Башы районунун  хатибиятынан билдиришти. Маалым болгондой, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан Нарын облусунун аймагына, анын ичинде Ат-Башы району үчүн 200 …

Дальше »

Ат-Башы районунда мечиттер тазаланууда

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы мечиттер хатибияттын тапшырмасы менен тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Ат-Башы районунун баш имам хатиби Абдулла Тахиров билдирди. Анын айтымында, Ат-Башы районунда мечиттердин коопсуздугу үчүн тазалоо иштери байма-бай жүргүзүлүп келүүдө. «Буга …

Дальше »

Нарын облусунда беш маал жана жума намаздары сактык чараларын сактоо менен өткөрүлдү 

Нарын облусундагы мечиттердин бардыгында жума намазы жана беш убак намаз учурдагы кырдаалга байланыштуу сактык чараларын сактоо менен өткөрүлүп жатат. Республикалык ыкчам штабынын чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагындагы мечиттерге чектөөлөр алынганына байланыштуу 8-июндан тартып Кыргызстандын аймагындагы …

Дальше »

Ак-Талаа районунун хатибияты пандемия учурунда (COVID-19) менен күрөшүүдө жигердүү салым кошкону үчүн сыйланды

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чарада Ак-Талаа районунун хатибиятынын жамаатына жергиликтүү  администрация тарабынан ыраазычылык кат берилди. Бул туурасында райондун баш имам хатиби Акылбек Эсеналиев  билдирди. Анын билдиргенине караганда хатибияттын эмгек жамаатына …

Дальше »

Кочкор районунун Чолпон айылынын имамы дайындалды

Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айылынын жаңы имамы дайындалды. Бул тууралуу Кочкор районунун баш имам хатиби Жеңишбек ажы Арзымкожоев кабарлады. Анын билдиргенине караганда, кечээ 28-август күнү Чолпон айылынын имамы болуп Жыргалбек Кулманбетов дайындалып, жалпы жамаатка …

Дальше »

Нарында жума намаздары сактык чаралары сактоо менен башталды

Республикалык ыкчам штабдын чечимине ылайык Кыргыз Республикасынын аймагындагы мечиттерге чектөөлөр алынгандыгына байланыштуу, бүгүн 28- август күнү Нарын  облусу боюнча жума окулуучу мечиттерде жума намаздары өткөрүлдү. Муфтияттын буйругу жана Нарын казыяты тарабынан жума намаздарын өткөрүү талаптарын толук сактоо …

Дальше »

Нарын районунда курбандыктар ар бир айылда чалынды

Нарын облусунун Нарын районундагы ар бир айылда Курман айт күнү курбандыктар чалынды. Бул тууралуу Нарын районунун баш имам хатиби Кумарбек Орозалиев билдирди. Анын билдиргенине караганда, Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан берилген акча каражаттарына ар бир …

Дальше »

Кочкордун Чолпон айыл өкмөтүндө 9 бодо мал союлуп, эти муктаж үй-бүлөлөргө таратылып берилди

Курман айт майрамына карата кан чыгарып, курмандык чалуу иш-чарасы Нарын облусунун Кочкор районунун айрым айылдарында дагы өткөрүлдү. Анда райондун акими Темирболот Абикеев, баш имам хатиб Жеңишбек ажы Арзымкожоев кайрымдуу инсандардын демилгеси менен жергиликтүү элдин катышуусунда …

Дальше »

Нарында Курман айтка карата курбандыктар чалынып, элге таратылып берилүүдө

Нарын облустук мусулмандар казыяты тарабынан демөөрчүлөрдүн колдоосунда Курман айтка карата курбандыктар чалынууда. Курбандык чалууга Нарын облусунун мусулмандар казыяты тарабынан 19 бодо мал союлду. Союлган малдын эттери​ Нарындагы мүмкүнчүлүгу чектелген адамдардын үй-бүлөлөрүнө, жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөргө, …

Дальше »

Курман айтка карата Нарын облусунун мусулмандарынын казысы Мамбетасан ажы Ибраевдин куттуктоосу

Урматтуу бир туугандарым, замандаштар, куттуу курман айтыбыз кут-береке алып келсин. Кимде-ким курмандык чалып, келечек турмуштун бейпилдиги үчүн, ата-бабаларынын жана Жараткандын ыраазычылыгы үчүн дуба-тилектерди кылып жатса тилектери кабыл болсун. Бүгүнкү күндүн пайдасы, рахаты кандай экенин ар …

Дальше »