Эрик ажы Молдокулов Нарын районунун мыкты имамдарын сыйлап, жашы улуу имамдарга чапан жапты

Кечээ, 21-январь күнү Нарын районунун имамдарынын кезектеги жыйыны болуп өттү. Жолугушууга  облус казысы Эрик ажы Молдокулов, казыяттын эсеп-кысап адиси Орозобек Жунушов, Нарын районунун баш имам-хатиби Рустам Чыров катышышты. Чогулушта имамдардын 2023-жылда аткарылган жана алдыда аткарыла …

Дальше »

Ат-Башыда Куран жарышы уюштурулуп, жалпы 65 бала катышты

Нарын облусуна караштуу Ат-Башы айыл аймагындагы “Усман” мечитинде жаш өспүрүмдөр арасында райондук деңгээлде Куран жарышы болуп өттү.  Жарышка жалпы 65 бала катышты. Алардын 43 ү 10 сүрөдөн болсо,  22 си 15 сүрөдөн ат салышты. Жарышта …

Дальше »

Ат-Башыда 4,6 млн сомдук диний имараттын ачылышы өтүп, ага облус казысы катышты

Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айлында баасы 4 млн 600 миң сомдук жаңы имарат ишке берилди. Бул имараттын ичинде имамдын иш бөлмөсү, даараткана, ашкана, жатакана эң башкысы айыл тургундары, жеткинчек жаштар үчүн Курандан жана адеп-ахлактан таалим сабактарын …

Дальше »

Кочкордо айыл имамына умрага жолдомо белек кылынды

Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Көк-Жар айылынын имамы Муратбек Абиевге умра сертификаты тапшырылды. «Муратбек Абиев өз билимин жогорулатууда муфтия, казыят тарабынан уюштурулган окуу курстарына жигердүү катышып келет. Ошону менен катар мечиттин документтерин алгачкылардан болуп бүтүргөн. …

Дальше »

Кочкор районунун Теңдик айылынын тургуну айыл имамына умра сапарына жолдомо берди

Нарын облусунун Кочкор районунун Теңдик айылынын тургуну айыл имамына умра сапарына жолдомо берди. Ыйык сапарга жолдомо имамдын күжүрмөн эмгеги үчүн тапшырылган.  Бул тууралуу Кочкор районунун баш имам-хатиби Жеңишбек ажы Арзымкожоев кабарлады. «Имамдык кылуу ардактуу да, …

Дальше »

Жаңы-Талап айылында мечит толук ремонттон өткөрүлүп, имамга кылкуйрук жана умрага жолдомо белек кылынды

Бүгүн, 11-декабрь күнү Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылынын Жаңы-Талап мечитин толук оңдоп-түзөөдөн өтүп, кайрадан пайдаланууга берилди. Аталган  ич-чарага Нарын облусунун казынын орун басары Кумарбек Орозалиев, Ак-Талаа районунун баш имам-хатиби Акылбек Эсеналиев жана айыл …

Дальше »

Кумарбек Орозалиев: «Жаш желкелерде улуу баштар бар»

Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясы тарабынан уюштурулган  “Нарын коопсуз шаар жана зомбулукка жол жок” аталышындагы иш-чара болуп өттү. Нарын жаштар ордосунун залында уюштурулган саамалыкка Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын …

Дальше »

Эрик Молдокулов: «Менин уруум кыйын» деп башкаларды басынтпаш керек»

Нарын районунун Эмгек-Талаа айылындагы «Керимбай уулу Сарыбай» атындагы орто мектебининде “Мен Кыргызмын” аталышында талкуу жыйыны болуп өттү. Иш-чарага Нарын облусунун казысы Эрик Молдокулов, Эмгек-Талаа айыл аймагынын башчысы Асанжан Дүйшөнбиев, айыл аксакалдары, ата-энелер, агай-эжелер жана окуучулар …

Дальше »

Нарын облустук казыяттын кезектеги турнири Ак-Талаа жергесинде өткөрүлдү

Нарын облусунун казыятынын спорттук турнири Ак-Талаа жергесинде өткөрүлдү. Буга олбустагы бардык хатибияттар жана облустук казыяттын эмгек жамааты болуп, жалпы 6 команда катышты. Спорттук иш-чарага келген командалар спорттун кичи-футбол жана аркан тартыш оюндары бонча күч сынашты. …

Дальше »

Жалгыз-Теректе жаңы мечит курулду

Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн Жалгыз-Терек айылында “Аль Хасан бин Али” атындагы жаңы салынган мечиттин ачылыш аземи болуп өттү. Ачылыш аземге Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек Сыдыкбеков, айылдык кеңешинин төрагасы Бекназар Шаарбек уулу, Нарын облустук казыятынын …

Дальше »

Калысбек Заманбеков Нарын облусуна эки күндүк илимий иш сапары менен барды

2023-жылдын 12-13-август күндөрү дин аалымы Калысбек Заманбеков “Туура жол, туура ишеним жана балдар тарбиясы” аттуу илимий иш сапары менен Нарын облусуна барды. Эки күнгө созулган сапарында ал ар бир райондордун борбордук мечиттеринде эркектерге жана аялдарга …

Дальше »

Сары-Ойдо жаңы мечит курулуп, пайдаланууга берилди

Нарын районунун Учкун айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Ой айылында жаңы мечиттин ачылышы болуп өттү. Мечиттин ачылышына Учкун айыл өкмөтүнүн айыл башчысы Эркин Өмүрзаков баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Нарын районунун баш имам-хатиби Рустам Чыров жана айыл тургундары …

Дальше »