Караколдо 54 муктаж үй-бүлөгө 3,5 миң сомдук азык-түлүк баштыктары таратылды

Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык хатибиятынын демилгеси, атын атагысы келбеген демөөрчүнүн колдоосу менен муктаж 54 үй-бүлөгө наркы 3.5 миң сомдук азык-түлүк баштыкчалары таратылды. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн катарында муктаж дин кызматкерлери, майыптар жана көп балалуу жалгыз …

Дальше »

Кеминде Баткенден эвакуацияланган үй-бүлөлөрдүн балдарына 40 миң сомдук окуу куралдары белек кылынды

Чүй облусунун Кемин районунун баш имам-хатиби Куттубек ажы Дүйшөбаев Баткен облусунан Кемин районуна эвакуацияланган жарандардан кабар алды. Куттубек ажы зыяраттын алкагында «Кийимдер планетасы» дүкөнүнөн 10 балага 40 миң сомдук окуу куралдарын жана таттууларды белек кылды. …

Дальше »

Ош облусунда баш имам-хатибдер кварталдык отчёт тапшырды

Ош облусунун райондук баш имам-хатибдерине багытталган жыйын болуп өттү. Жыйынга Сайдамир ажы Жейналиев баштаган казыят аппараты жана райондук баш имам-хатибдер катышты. Баш имам-хатибдер казыят жетекчилигине соңку үч айда аткарылган иштер боюнча отчёттук маалымат берди. Жыйындын …

Дальше »

Таласта дин кызматкерлери исламий каржылоо принциптери боюнча семинарга катышты

Талас облусунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылындагы «Байбол» этнокомплексинде 2 күндүк семинар болуп өттү. Семинарга облустагы 20 дин кызматкери катышты. Кыргызстандагы банктардын иштөө системасы жана ислам принциптери менен финансылык кызмат көрсөтүү, соода-сатык жана Улуттук банктын ишмердүүлүгү …

Дальше »

Жалал-Абад облусунун казыяты аймактардагы мүмкүнчүлүгү чектелген карыяларды чогултуп, сый көрсөттү

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүнө карата Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыяты аймактардагы мүмкүнчүлүгү чектелген карыяларды чогултуп, сый көрсөттү. Саамалык облус казысы Наматулла ажы Жээнбеков тарабынан демилгеленип, энелер үчүн белек-бечкектер берилди. «Кадырман карыяларды эстеп, өзгөчө көңүл …

Дальше »

Ош облусунун казыят жетекчилиги Баткен окуяларынан жаракат алгандардан кабар алып, дары-дармек үчүн акчалай жардам көрсөттү

Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев жана казынын орун басары Алибек ажы Жусупов Баткен облусундагы окуялардан жарат алып, улуттук госпиталда дарыланып жаткан аскерлерди жана жарандарды зыярат кылды. Зыяраттын жүрүшүндө облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев жараат …

Дальше »

Бишкек шаардык казыяты Баткендеги окуялардан жаракат алган жоокерлерден кабар алып, 311 миң сом колдоо көрсөттү

Бишкек шаарынын казысы Шакир ажы Маматов баштаган казыят жамааты Баткен облусундагы каргашалуу окуялардан жарат алган жоокерлер жана жарандарды зыярат кылып, 311 миң сом акчалай колдоо көрсөттү. Бишкек шаардык казыятында жана борбор калаадагы жалпы мечиттерден топтолгон  бул акча каражаты Улуттук госпиталда …

Дальше »

Араван районунун баш имам-хатиби эвакуацияланган жарандардан кабар алды

Араван районунун баш имам-хатиби Максат кары Сидиков жана райондун борбордук “Ар-Рохман” мечитинин имамы Ахмаджан ажы Юлдашев Баткендеги окуяга байланыштуу эвакуацияланып келген үй-бүлөлөрдү зыярат кылып, аларга моралдык колдоо жана материалдык жардам көрсөттү. “Биз кайда жүрбөйлү, кайсыл жерде  жашабайлы, баарыбыз бир эл, бир денебиз. Сиздердин башыңыздарга келген …

Дальше »

Баткенде мечиттерди каттоо иштери кызуу жүрүп жатат

Бүгүн, 29-сентябрда Баткен облустук мусулмандарынын казыятынын үгүт-насаат жана мечиттер адиси Саидакмад ажы Аппазов тарабынан шаар-райондордун баш имам-хатибдери жана жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте мамлекеттик эсептик каттоосунан өтө элек мечиттер боюнча активдүү иштер жүргүзүлдү. Ошондой эле …

Дальше »

Жалал- Абад облусунун казыяты Баткен облусунан эвакуация болгон 55 үй-бүлөдөн кабар алып, 182 150 сомдук азык-түлүк жана үй тиричилигине керектүү буюмдарды тапшырды

 Жалал- Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков баштаган казыят жамааты Баткен облусунан эвакуация  болгон 55 үй-бүлөдөн кабар алып,   182 150 сомдук азык-түлүк жана үй тиричилигине керектүү буюмдарды тапшырды. Облус казысы Баткен окуясынан жабыркагандар жалгыз …

Дальше »

Тоңдо мечиттер оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, кышка даярдыктар көрүлүүдө

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы мечиттер оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, кышка даярдыктар көрүлө баштады. Бул туурасында Тоң районунун баш имам-хатиби Таалайбек ажы Акунов билдирди. Ал Туура-Суу 2 айылынын 1994-жылкы жаштарынын жана жергиликтүү ишкерлердин демөөрчүлүгү менен айыл мечити бүгүнкү …

Дальше »

Токмокто эвакуацияланган жарандарга гуманитардык жардамдар көрсөтүлдү

Чүй облусунун Токмок шаарында «Биримдик Токмок» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү жана «Шакирхан Төрө» мечитинин жамааты тарабынан Баткен окуяларынан жабыр тарткан жарандарга жардам көрсөтүлдү. Жууркан, көрпө-төшөк, кийим-кече жана бут кийимдер сыяктуу зарыл буюм-тайымдардан турган гуманитардык жардам Чүйгө …

Дальше »