Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев Жалал-Абад шаарынын тургундары менен жолугушуп, курмандык чалуунун эрежелерин айтып берди

Ош облусунун мусулмандар казысы Сайдамир ажы Жейналиев Жалал-Абад шаарынын тургундары менен жолугушуп, курмандык чалуунун эрежелери, курман айт намазынын окулуусу, маани-маңызы жана сооптору боюнча баяндама жасады. Ош облусунун казысы айт күндү майрамдык маанайда өткөрүү керектигине токтолуп, …

Дальше »

Ош шаарындагы дин кызматкерлери COVID-19 илдетине каршы эмдөөдөн өтүштү

Бүгүн, 16-июль күнү Ош шаарындагы дин кызматкерлери COVID-19 илдетине каршы эмдөөдөн өтүштү. Ошону менен бирге бүгүнкү жума баянында Курмандык чалуу жана майрамдын эрежелери, тазалык, санитардык эрежелерди сактоонун зарылдыгы баса белгиленди.  Эскерте кетсек, 14-июлда Кыргызстан мусулмандарынын …

Дальше »

Ош шаарындагы «Аль-Фаарук» мечитинин жанына атайын Куран окуу бөлмөсүнүн ачылышы болду

Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу «Аль-Фаарук» мечитинин жанына имам хатиб Нурлан ажы Сапиевдин демилгеси менен Куран окуу бөлмөсүнүн ачылышы болду. Анын ачылышына Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев катышып, элди Куран окууну үйрөнүүгө жана …

Дальше »

Акжол ажы Козубаев: Курмандык чалуунун эрежелерин журтубузга жакшы түшүндүрөлү

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда мечит имамдарына жыйын өтүп, коронавирус илдетинин алуу эрежелери, курман айт намазын өз убагында окуу, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан бекитилген №5 токтомдун негизинде иш алып баруу боюнча дин кызматкерлерине тапшырмалар …

Дальше »

Араван районунда улуттар аралык ынтымак, диний экстремизмдин алдын алуу боюнча жыйын өттү

Ош облусунун Араван районуна караштуу Тепе-Коргон айыл аймагында улуттар аралык ынтымак, диний экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча жыйын өттү.   Жыйынга Араван районун башкы имам-хатиби Алибек ажы  Жусупов, РИИБнын 10  бөлүмдүн жетекчиси Дүйшөн Жолдубаев, …

Дальше »

Ош шаардык казыятына караштуу жалпы дин кызматкерлерине жыйын өткөрүлүп, мечиттердин санитардык абалдары, Курман айт майрамына даярдыктар каралды

Бүгүн, 15-июль күнү Борбордук «Сулайман-Тоо» мечитинин жыйындар залында Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу  мечит имамдарына жыйын өткөрүлүп, анда мечиттердин санитардык абалдары, кызматтык жоопкерчилик жана калк арасында COVID-19 илдетине каршы эмдөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселеси талкууланды. Муну менен …

Дальше »

Ош облусунда имамдардын диний билим деңгээлин жогорулатуу максатында окуу сабактары башталды

Бүгүн, 14-июнь күнү Ош облустук мусулмандар казыятынын жыйындар залында мечит имамдарынын диний билим деңгээлин жогорулатуу максатында алгачкы окуу сабагы уюштурулду. Иш-чарага казыяттын эмгек жамааты, облус аймагына таандык райондордун башкы имам-хатибдери жана Кара-Суу районунун имамдары катышты. …

Дальше »

Ош облусунда райондун башкы имам-хатибдерине жыйын болуп, аларга тийиштүү тапшырмалар берилди

Бүгүн, 14-июль күнү Ош облустук мусулмандар казыятында облус аймагына таандык райондордун башкы имам-хатибдерине жыйын болуп, №05 токтомдун аткарылышын тездетүү, курман айт майрамын өткөрүү жана ДИМКдан келген тапшырмага ылайык мечиттер менен диний окуу жайлардын жер аянтынын …

Дальше »

Сузактагы Арстанбап Ата медресесинде бүтүрүүчүлөрдүн күбөлүктөрүн тапшыруу зыйнаты болуп өттү

Кечээ, 13-июлда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Арстанбап Ата медресесинде бүтүрүүчүлөрдүн күбөлүктөрүн тапшыруу зыйнаты болуп өттү. Бүтүрүү кечесине Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыятынан үгүт-насаат жана окуу бөлүмүнүн башчысы Жороев Арпидин ажы, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Жалал-Абад …

Дальше »

Талас районундагы Көк – Токой айылында жаңы мечит ишке берилди

Талас облусунун Талас районуна караштуу Көк – Токой айылында заманбап жаңы мечиттин ачылыш аземи болуп өттү. Ачылыш аземине Талас облусунун казыятынын окуу бөлүмүнүн башчысы Абдысамат уулу Өмүрзак, Кувейт мамлекетинен келген демөөрчүлөр, айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү, имамдар, …

Дальше »

Манас районундагы 50 үй-бүлөгө 90 миң сомдук жардам көрсөтүлдү

Талас облусунун Манас районунун хатибиятында жардамга муктаж үй-бүлөлөргө кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлдү. Жеке ишкерлер жана соодагерлер тарабынан эки жылдан бери ай сайын Манас районундагы колу жука үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратылып келет. «Бул жолу 50 үй-бүлөгө жалпы 90 …

Дальше »

Баткен шаарындагы «Муъаз ибни Жабал» медресесинин студенттери жайкы практикага чыгышты

Баткен шаарындагы «Муъаз ибни Жабал» медресесинин студенттери жайкы практикасын Баткен районунун Дара айыл өкмөтүнө караштуу Табылгы, Кайыңды айылдарындагы жаштар үчүн окуу курстарын уюштурду. Анда жаштарга Куран окуганды үйрөтүп, атайын сынактар уюштурулган. «Медресебизде билим алгандар практикага чыгып жаштарды …

Дальше »