Баткендин Самаркандек айылынын имамы демөөрчүлөр менен биргеликте айылдагы муктаж үй-бүлөлөргө 43 кап ун таратты

Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Самаркандек айылынын имамы Ислам Назаров демөөрчүлөр менен биргеликте айылдагы муктаж үй-бүлөлөргө 43 кап ун таратты. “Өзү ток болуп, кошунасы ач болгон бизден эмес” деп динибиз кайрымдуу болууга чакырат. Оор кырдаалда …

Дальше »

Базар-Коргон районунда райондук хатибияты 40 үй-бүлөгө ун, 27 жетим баланын ар бирине 2000 сомдук жардам көрсөттү

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук хатибияты тарабынан аз камсыз болгон 40 үй-бүлөнүн ар бирине бир мүшөктөн ун таратылды. Бул тууралуу Базар-Коргон​ районун баш имам хатиби Шаиков Тынчтыкбек ажы билдирди. Анын айтымында, аталган кайрымдуулуктан тышкары 27 жетим …

Дальше »

Талас облусундагы медреселерде онлайн түрүндө сабактар уюштурулууда

Талас облусундагы “Али ибн Аби Толиб, “Уку Ата”, “Бакай Ата” медреселер жана Талас шаарындагы жайгашкан “Чет тилдер кыздар медресеси” учурдагы  абалга кырдаалга байланыштуу сабактар үзгүлтүкө учурабаш үчүн бүгүн, 8-апрелден тарта онлайн сабактар берилип баштады. Окуучуларды …

Дальше »

Ысык-Ата районунда муктаж 230 үй-бүлөгө 250 миң сомдук жардам берилди

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунда мамлекетибиздеги кырдаалга байланыштуу муктаж үй-бүлөлөргө күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөр менен жардам берилди. Бул тууралу Ысык-Ата хатибиятынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул иш-чара Ысык-Ата районуна караштуу Кең-Булуң айыл аймагындагы «Абу Ханифа», «Нуруль-Ислам», «Эки …

Дальше »

Сузакта маркум жаңы тартипте жерге берилди

Бүгүн, 7-апрель күнү Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Жаңы-Ачы айылында узак оорудан каза болгон аял аз гана адамдын катышуусу менен жерге берилди. Жаназага жакын туугандары жана кошуналары гана катышты. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатында эч …

Дальше »

Нарын казыяты тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү иштери башталды

Нарын облустук мусулмандар казыяты тарабынан учурдагы кырдаалга байланыштуу жардам көрсөтүү иштери башталды. «Берген кол алган колдон жогору» аталышындагы кайрымдуулук иштерине учурда каражат чогултуу иштери башталды. Нарын облусундагы учурдагы кырдаалга байланыштуу Нарын казыяты тарабынан аз камсыз …

Дальше »

Өзгөн районунда мечиттер, медреселер жана диний окуу жайлар дезинфекцияланууда

Ош облусунун Өзгөн районунун баш имам хатиби Акжол ажы Козубаев жана мечит имамдары районго караштуу мечиттерде,  медреселерде жана диний окуу жайларда дезинфекциялоо иштерин жүргүзүүдө. «Буга чейин да бир канча мечиттерде дезинфеккциялоо иштери болуп өттү. Мындан …

Дальше »

Ноокат районунда жардамга муктаж 180 үй-бүлөгө 133 000 сомдук азык-түлүк берилди

Ош облусунун Ноокат районунун баш имам хатиби Музаффар ажы Турдубаевдин демилгеси менен жардамга муктаж 180 үй-бүлөгө 133 000 сомдук азык-түлүк жардамы көрсөтүлдү. Анда күнүмдүк тамак-аш азыктарынан болгон ун, май, күрүч жана макорон сатылып алынып, жеринде …

Дальше »

Бакай – Ата районунун хатибияты Кенерал айылында блокпосто турган кызматкерлерге ыссык тамак уюштурду

Кечээ, 6 – апрелде Талас облусунун Бакай – Ата районун баш имам хатиби Абдимажит Сагынбаев  жана Миң Булак айылынын “Сакей ата” мечиттин  имамы  Рашид Айтназаров  менен биргеликте Бакай – Ата районуна караштуу Кенерал айылынын блокпосто турган …

Дальше »

Нарын районунун Эмгек-Талаа айлынын имамы Садыбакас Асакев райондогу бардык мечиттерди дезинфекциялады

Нарын облусунун Нарын районундагы Эмгек-Талаа айлынын имамы Садыбакас Асакев өз ыктыяры менен ыктыярдуу кызмат көрсөтүп келүүдө. Бул тууралуу Нарын районунун баш имам хатиби Кумар Орозалиев билдирди. Анын билдиргенине караганда, Нарын районуна караштуу Эмгек-Талаа айылынын имамы …

Дальше »

Нарын районунун Достук айылынын имамы демөөрчүлөр тарабынан 30 кап ун таратты

Нарын облусунун Нарын районунун Достук айылынын имамы Алтынбек Жапаралиев демөөрчүлөр менен биргеликте өз айылына 30 кап ун таркатты. Бул тууралуу Нарын районунун баш имам хатиби Кумар Орозалиев билдирди. Анын айтымында, ун айылдын элине, аз камсыз …

Дальше »

Кара-Сууда имамдын демилгеси менен аз камсыз болгон 70 үй-бүлөгө 70 мүшөк ун, картошкө жана май таратылды

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Сарай айылдык аймагында имамдын демилгеси менен аз камсыз болгон 70 үй-бүлөгө 70 мүшөк ун таратылды. Мындан сырткары күнүмдүк тамак-аш азыктарынан болгон картошкө жана май сатылып алынып, жеринде тапшырылды. Бул тууралуу …

Дальше »