Манас районунда жашаган жардамга муктаж 100 үй – бүлөгө тамак-аш азыгы таратылды

Кечээ, 26-апрелде Талас облусундагы Манас райондук хатибиятына Бишкек шаарында жашаган чыгаан жигиттердин демөөрчүлүгү менен “Садака Жария” максатында 100 баштык азык-түлүктөр жиберилди. Берекелүү Рамазан айында берилген жардам баштыгы тизмеде турган колу жука үй — бүлөлөргө таратылды. …

Дальше »

Талас шаарындагы “Ассахаба” мечити көрктөндүрүлүп, 16 ийне жалбырактуу көчөт отургузулду

Кечээ, 26-апрелде Талас шаарындагы “Ассахаба” атындагы мечитте көрктөндүрү иш чарасы болуп өттү. Иш-чарага Талас облусунун казысы Бапиев Таалай ажы, Талас шаарынын баш имам хатиби Бешкемпиров Алтынбек жана мечиттин чакан жамааты катышып, мечиттин тегерегин тазалоо жана …

Дальше »

Манас районунда жаштардын ынтымагы менен 47 муктаж үй – бүлөгө жардам көрсөтүлдү

Талас облусунун Манас районуна караштуу Кызыл Жылдыз айылында жаштардын ынтымагы менен кайрымдуулук иш-чарасы болуп өттү. Мындай соопту ишке себеп болгондор 1991 жылы туулган эр азаматтары жалпы 75 500 сом чогултушуп, айылдагы 47 муктаж үй бүлөлөргө …

Дальше »

Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев Рамазан айы менен жалпы мусулмандарды куттуктады

Ассаламу алайкум ва рахматуллохи ва баракатух. Урматтуу момун мусулмандар айлар султаны болгон Рамазан айынын келиши менен элибиздеги жерибиздеги бардык мусулмандарды куттуктаймын. Кудай Таала ушул рамазан келишинде элибизге бакыт дөөлөт,  ырыскы амандык, тынчтык, ден соолук берсин. …

Дальше »

Бакай – Ата айылына 40 муктаж үй – бүлөлөргө азык – түлүктөр таратылды

Талас облусунун Бакай – Ата районуна караштуу Бакай – Ата айылында кайрымдуулук иш-чарасы болуп өттү. Мындай соопту ишке айылдын “Саад бин аби Вакас” мечиттин имамы Үсөн Жороев менен биргеликте айылдын 2 жеке ишкерлердин демөөрчүлүгү менен …

Дальше »

Манас районундагы 40 үй-бүлөгө эт жана тамак-аш азыгы таратылды

Кечээ, 20 — апрелде Талас облусундагы жайгашкан  Манас районуна караштуу  Манас, Талас айылдардагы колу жука үй-бүлөлөргө жергиликтүү кайрымдуу инсандардын, жаштардын көмөгү менен кайрымдуулук жардамы көрсөтүлдү. Соопчулук ишинде Манас айылындагы колунда бар инсандар жана айыл имамы Эралы Керимкулов, айыл …

Дальше »

Манас районунун Покровка айылынын жаштары 10 муктаж үй – бүлөнү азык – түлүк менен камсыз кылышты

Талас облусуна караштуу Манас районундагы Покровка айылынын имамы Жаныбек Акбаевдин демилгеси менен кайрымдуулук иш-чарасы өттү. Аталган иш-чара Покровка айылындагы 1994-жылы төрөлгөн жигиттердин тарабынан уюштурулуп, топтолгон 17800 сомго күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөр алынып,  10 муктаж үй-бүлөлөргө берилди. …

Дальше »

Кара – Буура районуна караштуу Уч — Булак айылында 33 муктаж үй – бүлөлөргө эт таратылды

Кечээ, 15-апрелде Талас облусунун Кара – Буура районуна караштуу Уч — Булак айылында бодо мал союлуп, эти айылдагы муктаж адамдарга таратылды. Мындай сооптуу иш Кара – Буура айылынын тургуну Жуматай ажынын демөөрчүлүгү менен 52000 сомго алынып, …

Дальше »

Манас районуна 50 муктаж үй – бүлөгө азык – түлүк жеткирилип берилди

Талас облусунун Манас райондук  хатибиятына Бишкек шаарынан «Садака жария» кайрымдуулук уюмунан 50 муктаж үй – бүлөгө  азык – түлүк таратты.  Анын ичинде 10 кг ун, 5 л май, 5 кг макарон, 5 кг кум шекер, 5 …

Дальше »

Магомед Хабибулла ажынын дүйнө салганына байланыштуу Талас облустук мусулмандар казысы Бапиев Таалайбек ажы көңүл айтат

Кыргызстандын аалымы Магомед Хабибулла устаздын дүйнөдөн өтүшүнө байланыштуу Талас облустук мусулмандар казысы Бапиев Таалайбек ажы жана жалпы казыят кызматкерлери көңүл айтат. Талас облустук мусулмандар казысы Бапиев Таалайбек ажы, анын орун басарлары жана жалпы казыят кызматкерлери …

Дальше »

Талас облусундагы медреселерде онлайн түрүндө сабактар уюштурулууда

Талас облусундагы “Али ибн Аби Толиб, “Уку Ата”, “Бакай Ата” медреселер жана Талас шаарындагы жайгашкан “Чет тилдер кыздар медресеси” учурдагы  абалга кырдаалга байланыштуу сабактар үзгүлтүкө учурабаш үчүн бүгүн, 8-апрелден тарта онлайн сабактар берилип баштады. Окуучуларды …

Дальше »

Бакай – Ата районунун хатибияты Кенерал айылында блокпосто турган кызматкерлерге ыссык тамак уюштурду

Кечээ, 6 – апрелде Талас облусунун Бакай – Ата районун баш имам хатиби Абдимажит Сагынбаев  жана Миң Булак айылынын “Сакей ата” мечиттин  имамы  Рашид Айтназаров  менен биргеликте Бакай – Ата районуна караштуу Кенерал айылынын блокпосто турган …

Дальше »