Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов Ош шаарында «Балдарга камкордук көрсөтүү жана аларды колдоо» жөнүндө баяндамасын жасады

Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, дин аалымы Чубак ажы Жалилов Ош шаарына жасаган илимий сапарынын алкагында “Сулайман-Тоо” мечитинде болуп, анда “Балдарга камкордук көрсөтүү жана аларды колдоо” жөнүндө өз баяндамасын жасады

Андан соң элдерден кат түрүндө келген шарият боюнча суроолоруна жооп берип, аларга акыл-насаатын айтты.

“Жаштар биздин келечегибиз. Эгер бир жаш бала жетим калса, ага жардам көрсөтүү сооп амалдардан экендиги баарыбызга белгилүү.  Ата-эненин бала калтырган эң мурасы — бул жакшы таалим тарбия болуп саналат. Мына ошондуктан тынымсыз эле иштеп акчанын артынан кууп кете бербей, балдарыңызга мээрим төгүп, таалим-тарбиясына көңүл буруңуз. Бул сөз менен ишти ташта дебейм, болгону бардык нерсе өз убагында болгону жакшы,”- деди Чубак ажы Жалилов.