Имамдын демилгеси жана демөөрчүлүгү менен Кара-Суу районунда спорттук иш-чара өттү

Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Киров айылында жайгашкан «Умар» мечитинин  имамы Тайир Данияр уулу   Рамазан   айынын урматына карата Кара-Суу районунун шаар жана айыл өкмөттөрүнүн жаштарына футбол оюну боюнча  мелдеш өткөрүүнү  демилгелеп, демөөрчүлүк кылды.

Иш-чарага Сарай айыл өкмөтүнүн  башчысынын милдетин аткаруучу Кушбак Абдырахманов, райондук дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Заирбек Эшбаев, Сарай айыл аймагына караштуу «Умар» мечитинин имамы  жана он алты айыл өкмөттөн келген спортчулар катышты.

Спорттук мелдештин жеңүүчүлөрүнө;

1-Орун 30000

2-Орун 20000

3-Орун 10000

«Мечит имамынын демөөрчүлүгү менен өткөрүлгөн футбол оюну  жаштар арасындагы ынтымакты, достукту  бекемдейт жана ден соолукту чыңдайт. Пайгамбарыбыз (САВ):  «Күчтүү момун күчсүз момундан көрө Аллага жакшыраак жана сүйүктүүрөөк»,-деп айткан. Жаштарыбыздын ынтымагынын бекемделишине жана ден соолуктарын чыңалышына салымын кошкон Данияр уулу Тайирге  терең ыраазычылык билдирем», — деди Кара-Суу районунун баш имам хатиби Абдирашит ажы Батыров.