Талас облусу боюнча Куран жарышы өткөрүлөт

2021-жылдын 4-октябрь күнү Талас облусу боюнча Өмүрбек уулу Байсары атага арналган Талас шаарынын  «Суйунт-Ата» мечитинде саат 9:00 Куран жарышы өткөрүлөт.

Женүүчүлөргө Куран жарышынан сыйлыктар  каралган.

ЭСКЕРТҮҮ: Конкурска катышууга талапкерлердин жаш курагына чектөө коюлбайт.

КУРАН ЖАРЫШЫНЫН ТҮРЛӨРҮ:

1.Куранды толук (30 пара) тажвиди менен жатка билүү.

2. Куранды (20 пара) тажвиди менен жатка билүү.

3. Куранды (10 пара) тажвиди менен жатка билүү.

4. Куранды (5пара) тажвиди менен жатка билүү.

ЖАРЫШКА КАТЫШУУНУН ШАРТТАРЫ:

  1. Талас облусунун тургуну болуусу.

2. Жарыштын кайсыл түрүн тандап алган болсо ошол эле түрү менен катышууга мүмкүнчүлүк алат.

3. Жараыштын бир түрүнө катталып, кайра экинчи түрүнө өтүүгө болбойт.

4. Жарышка катталып, сынак учуру келгенде баш тартууга тыюу салынат.

5. Катышуучулардын саны чектелбейт.

Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылмакчы.

Катталуу учун байланыш тел номерлери: 0706019197,  0705699069, 0709434347