Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, дин аалымы Чубак ажы Жалилов Ош шаарына жасаган илимий сапарынын алкагында “Сулайман-Тоо” мечитинде болуп, анда “Балдарга камкордук көрсөтүү жана аларды колдоо” жөнүндө өз баяндамасын жасады
Андан соң элдерден кат түрүндө келген шарият боюнча суроолоруна жооп берип, аларга акыл-насаатын айтты.
“Жаштар биздин келечегибиз. Эгер бир жаш бала жетим калса, ага жардам көрсөтүү сооп амалдардан экендиги баарыбызга белгилүү. Ата-эненин бала калтырган эң мурасы — бул жакшы таалим тарбия болуп саналат. Мына ошондуктан тынымсыз эле иштеп акчанын артынан кууп кете бербей, балдарыңызга мээрим төгүп, таалим-тарбиясына көңүл буруңуз. Бул сөз менен ишти ташта дебейм, болгону бардык нерсе өз убагында болгону жакшы,”- деди Чубак ажы Жалилов.