Ош облусунун мусулмандарынын казыятында дин кызматкерлерине жыйын өтүп, анда мечиттердин каттоосу жана кышка даярдыгы каралды

Ош облусунун мусулмандарынын казыятында кезексиз жыйын болуп, ага казыят кызматкерлери, райондук баш имам-хатибдер жана КР ДИМКнын ТАБ өкүлү катышты. Жыйында шайлоо процессиндеги үгүт иштерине аралашпоо маселеси, жыл жыйынтыгына даярдануу, эсептик каттоодон өтө элек диний уюмдардын ишин тездетүү жана кышка даярдыктарды бүткөрүү маселелери каралды.

Облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев казыяттын карамагындагы кызматкерлерге шайлоо алдындагы үгүт иштерине аралашпоо боюнча тапшырмаларды берип, мечиттерди кышка даярдоо керектигин айтты.

«Алдыда шайлоо өнөктүгү өткөрүлөрү күтүлүүдө. КМДБнын карамагындагы расмий дин кызматкерлерге үгүт иштерине аралашпоо боюнча Азирети Муфтийдин буйругу келди. Облусубузда эч бир дин кызматкери үгүт иштерине аралашпасын. Тез арада ушул боюнча протоколдук жыйындар өткөрүлүп, буйрук бардык расмий дин кызматкерлерине жеткирилсин», – деди облус казысы.

КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Түштүк аймактык бөлүмүнүн башкы адиси Фуркатбек Адилбек уулу  дин кызматкерлеринин шайлоо алдындагы үгүт иштерине аралашпашы керек экенин эскертти.

«Дин кызматкерлери агитация учурунда өтө этият болуулары зарыл. «Дуба берип коюңуз», «чай ичип коюңуз» деген сыяктуу өтүнүчтөр менен кайрылгандардан сак болушсун. Бизде дин кызматкерлери шайлоо процессиндеги үгүт иштерине аралашпайт деген беренелер бар. Дос, туугандын көңүлүн кыя албай, үгүт иштерине аралашып, бирок кийин жоопкерчиликке тартылып калып жүрүшпөсүн. Ошондуктан башында эскертип жатабыз», – деди Фуркатбек Адилбек уулу  .