Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев ажылык ибадатын аткарууга жөнөп жаткан жарандарга сабак өтө баштады

Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев Өзгөн району боюнча ыйык ажылык сапарына аттанган болочок ажыларга атайын сабак өтүп, ибадаттагы принциптер боюнча маалымат берди.

«Ажылык исламдын бешинчи түркүгү. Ажылык кээ бирлер ойлогондой  туристтик кызмат же кызыктуу саякат эмес. Ал биринчи кезекте Куран менен бекемделген парз өкүмүндөгү ибадат. Алла Таалам сиздердин ниетиңиздерди орундатып, ажыга аттанууну насип кылыптыр. Сиздер бактылуу инсансыздар», – деп билдирди облус казысы.  

Сайдамир ажы ажылыктын шарттары, ваажибдери, мустахабдары, айыптар (жинаяттар) сыяктуу ажылыкка тиешелүү маселелер боюнча кеңири маалымат берип, суроолорго жооп берди.

Эскерте кетсек, болочок ажылар15-июндан тарта жөнөп кетиши күтүлүүдө.