Кыргызстан Ислам университетинин Ош шаарындагы колледжинин жыйындар залында 4-14 жашка чейинки жаш балдар арасында Куран жарышы болуп өттү.
Куран жарышка 76 бала катышып, алар сынак учурунда 30 сүрөөнү жатка айтышып, көркөм окушту.
Калыстар тобунун чечиминин натыйжасында 1-2-3 орундар аныкталып, демөөрчүлөр тарабынан атайын даярдалган мактоо баракчалары жана баалуу белектер ыйгарылды. Ал эми жалпы катышуучуларга кызыктыруучу белектер тапшырылды.
Аталган иш-чарага Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Убайдилла ажы Сарыбаев, казыяттын окуу бөлүмүнүн башчысы Абдулазиз ажы Абдурахманов, КИУ Ош колледжинин директору Калыков Заирбек жана ата-энелер катышты.
Куран жарышы КИУнун Ош колледжи жана “Жаш демилге” коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган.