Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылында элдик ашар жолу заманбап медресе ишке берилет

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Көтөрмө айыл өкмөтүнүн Кызыл-Булак айылында элдик ашар жолу менен заманбап “Ак-Эшан Ата” атындагы медресе ишке берилүүнүн алдында турат. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда Кадамжай районунун баш имам хатиби Аскарали ажы Мирзаев билдирди.

Анын айтымында, медресе бүтүп ишке берилсе келекче жаштарына терең билим берип, адептүүлүккө тарбиялоодо чоң жетишкендик болот.

“Медресенин курулуш иштери толук бүткөн. Азыркы маалда жыйнап, тазалоо жана медресеге тиешелүү документтер бүткөрүлүүдө. Андан соң гана ишке берилет. Медреседе даараткана, ашкана жана жатакана, окуу бөлмөлөрү баары замбанбап талапка жооп берет”,-деди Аскарали ажы Мирзаев.