Кечээ, 17-сентябрь күнү Баткен районундагы «Нур» медресесинин студенттерине өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрү иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге өрт коопсуздугун алдын алуу, өрт чыккан мезгилде өзүн-өзү алып жүрүү эрежелери, туура эвакуациялоонун жолдору үйрөтүлдү.
«Өрттү өчүргөндөн көрө, эскерткен оң ошондуктан бул багытта студенттерибиздин маалыматуулугун жогоруулатуу үчүн жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармасынын 2019-жылдын 10-сентябрдагы, №229 буйругун аткаруу максатында өткөрүлдү»-деди медресе мүдүрдү Абдурахман каары Гапаров.