Ысык-Көлдүн Тγп районуна караштуу Фрунзе айылынын мечитинде, райондук баш имам хатиб Бакыт ажы Кайкиев жергиликтүү тургундар менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө айыл тургундарына ыймандуулук, адеп-ахлак, биримдик туурасында баяндама жасап, элди ынтымакка чакырды.
Мындан сырткары айыл имамынын ишмердүүлүгү менен таанышып, мечиттин айланасын иреттөө жана мечиттин жылуулугун камсыздоо, тазалыкка көңүл бурууну милдеттендирди.