Баткен шаарындагы Муаз Ибн Жабал медересесинин айланасы тосулуп, дарбаза орнотулду

Баткен шаарындагы Муаз Ибн Жабал медересесинин айланасы тосулуп, дарбаза орнотулду. Медресенин айланасын оңдоп-түзөө иштери жергиликтүү жеке ишкерлердин колдоо көмөгү менен ишке ашырылды.

Аткарылган курулуш иштеринин натыйжасында медресе короосу толук тосулду. Ал эми кире беришиндеги дарбазасы эле кыргыз элинин улуттук боз үйүнүн сырткы көрүнүшү чагылдырылды.

Медресе мүдүрү Султанмурат ажы Исираев: «Билим алып жаткан медресе студенттерибиздин коопсуздугу үчүн аткарылган оңдоп-түзөө иштери өтө маанилүү болчу, ошондуктан биздин бир көйгөйдү чечүүгө көмөк көрсөткөн жергиликтүү демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирем»,-деди медресе мүдүрү.