Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун баш имам хатиби Абдурахман ажы Анаркулов райондук акимчиликтин дин иштери боюнча өкүлү Өмүрбек Байгазиев, РИИБдин 10-бөлүмүнүн кызматкери Адилет Рысалиев менен биргеликте Байтик айылындагы «Кут билим» окуу борборунун жана Ахматбек Сүйүнбаев атындагы орто мектептин жогорку классынын окуучулары менен жолугушту. Жолугушууда экстремизм, терроризм жана адеп-ахлак боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Иш-чарага катышкандар өздөрүнө тиешелүү баяндамаларын жасап, узатылган суроолорго жооп беришти.
«Азыркы доордо элдин көпчүлүгү экстремизм, терроризмди динге гана тиешелүү көрүнүш деп билишет. Бирок, чын-чынына келгенде экстремизм, терроризм башка көптөгөн тармактардан табылат. Биз бул туура эмес жоруктан оолак болуп, жашообузду дүйнө жана акыретке пайдасын алып келе турган нерселер менен өткөрүшүбүз керек»,-деди Абдурахман ажы Анаркулов.
Эскерте кетсек, Аламүдүн райондук хатибияты жана Аламүдүн районунун акимияты биргелешип иш-план түшүшүп, анын алкагында райондогу бардык окуу жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.