Баткен облусунун Кадамжай районунун Кара-Жыгач айылындагы «Дыйкан» орто мектебинде 2020-жыл «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо» жылына карата мектеп админстарациянын жетекчилигинде, айыл дин кызматкерлери менен биргеликте баладарыбызды колдоо максатында алардын ата-энелерине жыйыны өттү.
Өкмөт өкүлдөрүнөн, айыл башчылары, мамлекеттик орган кызматкерлери катышышуусунда өткөн жыйында «Молдо Мурзакан» мечитинин имамы Айбек Кузибеков да сөзгө чыгып, үй-бүлөдө балага татыктуу тарбия берүүдө ата-эненин орду тууралуу баяндамасын жасады.