Ош шаарындагы «Козу кызы Бурмакан» атындагы аялдардын диний окуу борборунда Куран жарышы болуп өттү

Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу “Козу кызы Бурмакан” атындагы аялдардын диний окуу борборундагы Куран жарышы болуп өткөрүлдү.

Куран жарышы 3 бөлүк боюнча өткөрүлдү.

  1. 1 пара
  2.  10 пара
  3. 30 пара

Жарышка 100гө жакын адам катышып, анын ичинен алдыңкы 15 катышуучуга Куранды эрежеси менен жакшы окугандыгы үчүн ар түрдүү белектер берилди.

“Бул Куран жарышын өткөрүү менен окууга болгон кызыгууңарды арттыруу гана болду. Жарышта Куранды начар, туура эмес окуп калыштан эмес, акырет күнү Курандын шапаатынан кур калуудан коркула. Куранды сүйүп окугула”,-деди Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев