Нарын шаарындагы энелер мектебинде Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү белгиленди

Нарын шаарындагы “Энелер мектебинин” имаратында “Аялзат-аалам ажары!”аттуу пикир алышуу аянтчасы болуп өттү. Аянтча 1-февраль бүткүл дүйнөлүк жоолук күнүнө карата Нарын казыятынын аялдар бөлүмү тарабынан өткөрүлдү. Ага Нарын районунун мамлекеттик администрациясынын социалдык иштер боюнча акимдин орун басары Сымбат Аттокурова, Нарын шаарындагы “Энелер мектебинин” мүдүрү  Сымбат Токтомамытова катышышты.

Иш-чара видео ролик көрсөтүү менен башталды. Андан соң, жоолук салуунун ыкмалары катышуучуларга көрсөтүлүп берилди. Ошондой эле «Эне ийгиликтин башаты», «Аял бул баары», «Исламдагы үлгүлүү, өрнөктүү аял», «Ишмер айымдар?» боюнча маалыматтар берилип суроо жооп менен улантылды.

“Аялзат-аалам ажары!” аттуу пикир алышуу аянтчасынын уюштуруучусу Ширин Бакытова мындай иш-чараларды уюштуруу бүгүнкү талаптардын бири экенин баса белгиледи.

Эл аралык жоолук күнү Нарын шаарында биринчи жолу өтүп жатат. Негизги максаты болуп ар түркүн аялзатын биримдикке, ынтымакка, бир пикирге чакыруу максатын көздөдү. Муну менен гана чектелбей ар тармакта иштеген, окуп жаткан аялзаты менен жакындан таанышуу, аялзаты үчүн биргеликте иш алып баруу кетүү максатын көздөдү. Мындай иш-чаралар мындан ары дагы улантылып турмакчы”,- деди Ширин Бакытова.

Пикир алышуу аянтчасынын жыйынтыгында уюштуруучуларга ыраазычылык каттар жана белектерди тапшырылды.