Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында мэрия жана Чолпон-Ата шаардык хатибияты тарабынан Ооган соогушунун 31 жылдыгына арналган эскерүү аземи болуп өттү.
Ага согуш ардагерлери, Чолпон-Ата шаарынын мэри Талант Сарбагышев, Ысык-Көл районунун акими Данияр Иманалиев, шаардык баш имам хатиб Абдыразак ажы Балтабаев жана шаар тургундары катышты.
Иш-чара шаардын борборуна атайын уюштурулган эскерүү аянтында болуп, атайын согуш ардагерлери үчүн орнотулган эстелике гүлчамбарлар коюлуп, Куран окулуп курман болгондорго дуа кылынды.
“Бул иш-чара кийинки муундарга кандайдыр бир деңгээлде сабак болуп, мекенди сүйүүгө тарбиялоо болгон кадам”,- деди Абдыразак ажы.
Соңунда курман болгондордун үй-бүлөөлөрүнө, ошондой эле эмгек ардагерлерине зыярат кылышып, сыйлыктар тапшырылып, ардагерлер үчүн атайын сый тамак уюштурулду.