Кадамжайдын Кара-Жыгач айылынын жаштары жардамга муктаж 4 үй-бүлөгө 22 миң сомдук акчалай колдоо көрсөтүштү

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кара-Жыгач айылынын  убактылуу Москва шаарында эмгектенип жүргөн 1996-жылы туулган жаштары Кара-Жыгач айылынын имамы Айбек Кузибеков менен биргеликте колунда жука үй-бүлөлөргө акчалай жардам беришти.

“Чет өлкөдө иштеген инилерибиз бир жылда эки жолу жардамга муктаж үй бүлөлөргө тамак-аш жагынан колдоо көрсөтүп турат. Алар Москва шаарында “Кара-Жыгач” фондун дагы түзүп алышкан. Бул жолкусунда 22 миңге 4 үй-бүлөгө 5.500 сом беришти. Жаш болсо да садаканын сообун түшүнүп, кайрымдуулук иштерге активдүү катышып келе жатышат. Алардын тапкан акчалары берекелүү болсун”,- деди айыл имамы Айбек Кузибеков.

Белгилей кетсек, айыл жаштары буга чейин 8 үй-бүлөгө 15.179 сомдук продукту алып беришкен эле.