Ноокендин Сакалды айыл аймагынын тургунуна акчалай жардам берилди

Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун жайгашкан Сакалды айыл аймагынын тургуну Назира Мамажанованын үй-бүлөсүнө акчалай жардам берилди.

Атап айтканда анын кызынын денесине кайнак суу төгүлүп кеткендиктен райондун баш имам хатибинин орун басары Мелисбек ажы Кадырбеков жана Сакалды айыл аймак имамдары тарабынан чогултулган 4990 сом акчалай жардамды өз колдоруна тапшырышты. 

“Бул дагы Алланын сыноосу. Оору берүүчү, шыпаа берүүчү Жараткан Өзү. Кызыңыз тезиреек сакайып кетсин. Алардын урмат-сыйын көрүп мындай кырсык болбосун”,-деди Мелисбек ажы.