Талас облусунун Манас районуна караштуу Үч – Коргон айылынын имамы Абылкасым Мырзаев мечиттин жамааты менен биргеликте ай сайын кайрымдуулук иштерин өткөрүп келет.
Бул жолкусунда садака үчүн чогулган акча каражатына азык — түлүктөр сатылып алынып, айылдагы 4 муктаж үй-бүлөлөргө кезеги менен таратылып берилди.
Белгилей кетсек, өткөн айда чогулган 4200 сом колунда жок үй-бүлөлөргө, биринчи топтогу майып бир тууганыбызга берилген.
“Аз садака көп балээден сактайт”. Андыктан тапканыбыздын белгилүү бир бөлүгүн муктаждарга бергенди үйрөнөлү. Берүү менен мусулмандын байлыгы кемибейт, тескерисинче берекелүү жана жетиштүү болот”,- деди Абылкасым Мырзаев.