13-мартта Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин VI чакырылышынын чукул жыйыны өтүп, анда коронавирустун (COVID-19) инфекциянын дүйнөдө пандемиялык деңгээлге чыккандыгына байланыштуу санитардык-эпидемиологиялык чараларды көрүү жана алдын алуу максатында диний, маданий жана башка массалык иш чараларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизүү жөнүндө төмөнкүчө чечимдер кабыл алынды:
Коронавирустук инфекциянын пандемиялык деңгээлге чыккандыгына байланыштуу өлкөдө эпидемиологиялык чараларды көрүү жана алдын алуу максатында:
- 1. Мечиттерде жана башка жайларда диний, маданий өңүттөгү массалык иш чараларга, окуу кружокторго, конференцияларга, семинарларга убактылуу чектөө киргизилсин.
- 2. Жума намазга чейинки баяндарга убактылуу чектөө киргизилсин, зикир жана дубалар убактылуу кыска окулсун.
- 3. Даават иштери боюнча тиешелүү чектөөлөр киргизилип, түшүндүрүү иштер жүргүзүлсүн.
- 4. Сыркоологон адамдарга жана ден соолугу начар карыяларга мечитке келбей туруу сунушталсын.
- 5. Мечиттер жана диний окуу жайлар тез-тез дезинфекциялоодон өткөрүлсүн.
- 6. Мечиттин ичинде жана сыртында кол алышып саламдашуу, кучакташып учурашуу учурдагы кырдаалдан улам кооптуу экендиги эскертилсин.
- 7. Ачык жана жабык типтеги диний окуу жайларды каникулга чыгаруу өлкөдөгү жалпы абалга жараша ишке ашырылсын.
Эскертүү: Кырдаалга жараша чечимдер да өзгөрүүсү мүмкүн же кооптуу абал жоюлган соң убактылуу чектөөлөр алынып салынат.