Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы айылындагы айылындагы Ат-Башы мечиттинде коронавирустан сактануу максатында Ат-Башы райондук ооруларды алдын алуу жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору менен биргеликте мечитти жана даараткананы дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү.
Мындай иштер Кыргызстан мусулмандар Дин Башкаралыгынын буйругу алкагында жана Нарын казыяты тарабынан берилген тапшырмасынын негизинде жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары Ат-Башы районунун баш имам хатиби Абдулла Тахиров райондогу айылдардын имамдарына дезинфекция кылуулары тууралуу тапшырмалар берилгенин билдирди.
“Учурда Ат-Башы райолнундагы мечиттерди дезинфекциялоо иштери жүрүп жатат. Дезинфекциялоо иштерин Ат-Башы райондук ооруларды алдын алуу жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору менен биргеликте мечитти жана даараткананы дезинфекциялоо иштери жүргүзүүдө. Бүгүнкү күндө тапшырманын алкакында райондогу бардык мечиттер дезинфекцияланууда ”,- деди Абдулла Тахиров.