Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын коронавирус оорусунан кайтыш болгон адамды акыркы сапарга узатуу боюнча фатвасы

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги дүйнөдө коронавирустук инфекция боюнча кырдаал татаал болуп жатканын, көп өлкөлөрдө адамдардын каза болгон учурлары бар экендигин билдирет. Демек, коронавирустук инфекциядан каза болгондордун сөөгүн жерге берүүнүн коопсуздугу жаатында пайда болгон маселелерди түшүндүрүүнүн зарылчылыгы пайда болду.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму алдыңкы илимий-практикалык институттардан жана эл аралык борборлордон алынган коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүү жана аны алдын алуу боюнча илимий жактан негизделген сунуштарды берүүчү беделдүү уюм болуп эсептелет. Анын берген расмий маалыматы боюнча коронавирустук инфекциядан каза болгондордун сөөгү белгилүү бир талаптар сакталса, башка адамдар үчүн коркунучтуу эмес деген маалымат алынган. КР Саламаттык сактоо министрлиги каза болгондордун сөөгүн жерге берүүдө зарыл болгон даражадагы коопсуздукту сактоо боюнча нускамаларды иштеп чыкты. Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы каза болгондордун сөөгүн мусулмандардын шариат өкүмдөрүн эске алуу менен жерге берүүнү уюштуруу боюнча өзүнүн сунуштарын КР Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашты.

Эгерде адам каза болсо, анда санитардык врачтар тарабынан айтылган бардык жол-жоболорду көңүлгө алуу керек. Ошондой эле карантиндин талаптарына ылайык медициналык нускамаларды, дезинфекциялоо процедураларын, жеке гигиенаны сактоо, маска жана кол каптарды колдонуу зарыл. КМДБ  каза болгондорду акыркы сапарга узатуу зыйнатын аз киши чогултуу менен жакын туугандарынын катышуусу өткөрүүнү сунуштайт.

Коронавирустук инфекция чума, холера, күйдүргү сыяктуу өтө коркунучтуу инфекция болуп эсептелбейт, ошондуктан КР Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштарын жана КМДБнын чечимин аткаруу маанилүү болуп эсептелет.

Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин №04 чечимине ылайык Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын коронавирус оорусунан кайтыш болгон адамды акыркы сапарга узатуу боюнча фатвасы

Дүйнө жүзүн «Сovid-19» же «коронавирус» деп аталган оорунун эпидемиясы каптагандыгына байланыштуу бардык мамлекеттердин өкмөттөрү бул илдет менен күрөшүүгө аракет кылышып, превентивдик жана профилактикалык чаралар көрүлүүдө. Карантинге бүтүндөй шаарлар, ал эмес өлкөлөр да жабылууда. Андыктан коронавирус оорусунан көз жумган адамды жуу, кепиндөө жана жерге берүү маселесинде зарылдыктан улам шарият төмөндөгү көрсөтмөлөрдү берет:
Кайтыш болгон диндеш бир туугандын сөөгүн жуу, кепиндөө жана жаназа намазын окуу мусулмандын мусулманга карата вазийпаларынын эң башында турат. Жуулуп, кепинге оролгон маркумдун жаназа намазын окуу фарзы кифая болуп саналат. Бул вазийпаны бир топ мусулмандар аткарган учурда, калган мусулмандардын мойнунан сакыт болот. Жаназа намазын окуу үчүн атайын бир убакыт белгиленген эмес. Даяр болуп калган сөөктү көп күттүрбөстөн жаназасын окуп жерге берүү негизги иш.
Жугуштуу илдеттин жугуу кооптуулугу бар болгон учурларда жаназа намазын мүмкүн болушунча аз кишинин окуганы абзел. Ошондо да оорунун жугуштуулугун эске алуу менен зарыл чараларды көрүү керек, тактап айтканда, намазга катышуучулардын ортосунда (дарыгерлер айткандай) белгилүү аралык сакталууга тийиш. Мындай кырдаалда эгерде бир нече маркумдун сөөгү даяр болсо, баарына бир жаназа окуу жетиштүү болот. Оорунун жугуу ыктымалы жогору болсо, тиешелүү инсандар тарабынан жерге берилген маркумдун жаназасын, кабырынын башында кыбылага беттенип окууга да болот.
Негизи эле кооптуулук бар болгон учурда деле, адистердин кеңешине ылайык зарыл чаралар жана коргонуу шарттары аткарылган соң маркумду шарият талап кылган тартипте жууп, ак кепинге ороп жерге берүү керек. Бирок, бардык коргонуу чараларынын жана алдын алуу иштеринин аткарылганына карабастан маркумду сууга алган жана шарият талап кылгандай кепинделген учурда башка адамдарга ооруунун жугуу коркунучу бар болсо, анда төмөндөгүдөй амалдар жетиштүү болот:

  1. Белгилүү аралыктан суу куюп же болбосо узактан суу чачып сөөктү жууганга болот.
  2. Эгер дарыгерлер коронавирус оорусунан көз жумган адамды жууп, атайын вирустан корголуучу материалдар менен ороп берген болсо, анда дарыгерлердин маркумду жуугандыгы жана кепиндегени жетиштүү. Аны кайра ачып жууп, кепиндөөнүн кереги жок.
  3. Маркумду жуу эгерде жугуштуулук өңүттөн коркунучтуу болсо, тийиштүү адистердин көрсөтмөсүнүн негизинде коргонуучу кийимдерди кийип сөөккө таяммум кылдырууга болот.
  4. Коронавирус оорусунан кайтыш болгон адамга жаназа окуу жана ошондой эле анын денесин шариятка ылайык жерге берүү милдеттүү болуп эсептелет. Денени өрттөп же кислота же башка химиялык каражаттарды колдонуп көмүүгө шариятта уруксат берилбейт. Албетте этияттык үчүн вирустан коргоочу жолдордун жардамы менен жерге берилет.
    Сөөктү шарияттык (салттык) тартипте казылган көрүстөнгө кепин менен көмүү кооптуулук жарата турган болсо, атайын (өлүк салуучу) сумка же табыт менен көмүүгө да болот.
    Кырдаалга жараша жана зарылчылыктан улам ушул иштерди аткарып жатсак да, мусулман бир тууганыбыздын астындагы акыркы диний вазийпаларыбызды аткарып жатабыз деген аң-сезимде болуу керек.