Ысык-Көл районуна караштуу Григорьевка, Темир, Кашат, Семеновка айылдарын кыдырып, тизме боюнча 50 жакыр үй-бүлөөнүн ар бирине 3 000 сомдук тамак-аш азыктары таратылып берилди.
Аталган кайрымдулук иш-чарасына райондук баш имам хатиб Максат Сейталиев катышып, бардыгын Ыйык Рамазан айы менен куттуктап, жылуу сөздөрүн айтты.
“Ыйык Рамазан айынын урматына аз камсыз, жардамга муктаж болгон 50 үй-бүлөгө жалпы суммасы 150 000 сом өлчөмүндө көрсөтүлгөн жардам өзүн атагысы келбеген жеке ишкердин демөөрчүлүгү менен ишке ашырылган. Кайрымдуулук ишин Жараткан кабыл кылсын”,-деди Максат Сейталиев.