Жалал-Абад облусуна Кыргызстан Мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан 190 мүшөк ун келди.
Жалал-Абад облустук казыяты бул кайрымдуулукту облус аймагындагы аз камсыз болгон көп балалуу үй-бүлөлөргө таратылып, үйлөрүнө жеткирилип берилди. Дин кызматкерлери дагы четте калбастан муктаждарга тапшырылды.
«Жеке өзүмдүн атымдан жана жалпы Жалал-Абад элинин атынан Азирети Муфтийибизге жана Муфтият жамаатына ыраазычылык билдирем. Жараткан кайрымдуулуктарын кабыл кылып, ажыр-соопторун эселеп берсин. Жетекчилигибиздин иштерине албан-албан ийгиликтерди каалайбыз— деди облус казысы Абдулазиз кары Закиров.