Муфтият обсервацияга жана күндүзгү стационар катары пайдаланууга 1415 орун берүүгө даяр

Урматтуу мекендештер, кадырлуу мусулман бир туугандар!  

Барыңыздарга Алла Тааланын тынчтыгы, саламы, мээрими, ырайымы жана берекеси болсун!

Урматтуу мекендештер! Бүгүн биз оор абалды башыбыздан өткөрүп жатабыз. Жараткан Алла Таала жеңил кылып, өткөндөрдү Өз мээримине алып, жайын бейиштен кылсын. Ооруп жаткандарга Алла Таала тез арада туруктуу, толук шыпаа берсин. Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жана жеке өзүмдүн атымдан кайгыларды бөлүшүү менен, чын жүрөктөн көңүл айтам.

Кадырлуу мусулман бир туугандар!  Ушул күнгө чейин бизде 7 диний окуу жай жергиликтүү бийлик менен макулашып, обсервацияга берилген. Биз, КР премьер-министри Кубатбек Боронов,  Муфтият, Казыят жана Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши менен макулдашып, бардыгын өлчөп, таразалап, Алланын жардамы менен элибизге республикадагы 29 диний окуу жайыбыздан 1415 орунду обсервацияга жана күндүзгү стационар катары пайдаланууга берүүгө даярбыз. Бул элибизге дин кызматкерлеринин жардамы.

Мындан тышкары ыйык Орозо айында жана карантин мезгилинде Муфтият, облустук казыяттар демөөрчүлөрдүн колдоосу менен 37 млн сомдон ашуун тамак-аш түрүндө жардам көрсөтүштү. Быйыл мечиттерибиз карантин учурунда жабык болгондуктан улам садака-фитир 11 млн сом чогулду. Албетте, быйыл кырдаалдан улам аз топтолду.  Ошентсе дагы садака-фитирди  муктаждарга толугу менен таратып бердик. Элибизге ыраазычылык билдирем.

Учурдан пайдаланып  дарыгерлерге, кыйын мезгилде жардам колун сунуп жаткан жоомарт мекендештериме чын жүрөгүмдөн ыраазычылык билдирем. Жараткан Алла Таалам бергендерге өзүнүн берекесин эселетип берсин. Мынакей, ак халатчан дарыгерлерибиз өз өмүрлөрүн, жашоосун тобокелге салып, адам өмүрү менен күрөшүп жатышат. Сиздерге Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын атынан терең ыраазычылык билдирем. Биз сиздер үчүн дайыма дуба кылып, ооруп жаткандарга шыпаа тилөөдөбүз.  

Биз эл менен биргебиз. Учурда өлкө боюнча 100дөн ашуун диний окуу жай, 3000ден ашуун мечит бар. Алла Таалам ооруну күчөтпөсүн, керек болуп калса буларды дагы карап көрүүгө даярбыз.  

Урматтуу агайын мусулман бир туугандар! Келиңиздер, тартипти жана санитирдык эрежелерди так сактайлы! Жөнү жок дүрбөлөңгө түшпөйлү. Бири-бирибизге жакшы сөз айтып, көңүлүбүздү көтөрөлү. Жакшы үмүт менен жашайлы. Бул сыноо дагы өтөт. Дайыма дуба кылып, КР Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан айтылган сактык чараларын көрөлү.

Жараткан Алла Таалам элибизге, жерибизге жана мамлекетибизге тынчтык, аманчылык берсин.  

Сиздерди терең урматтап,

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токомушев