Мечиттер жабылбайт, кырдаал турукташканга чейин Жума намазы убактылуу токтотулуп турат

Урматтуу мекендештер! Кадырлуу момун мусулман бир туугандар!

Аллах Таала бул дүйнөнү сыноо жайы кылып жараткан. Кээде жакшылык менен, кээде жамандык менен, кээде ден соолук, кээде оору менен сынайт.

Урматтуу мекендештер! Адам баласынын жанын,  мал-мүлкүн, ишенимин, аброюн, ден соолугун сактоо динибиздин негизги максаты. Ошондуктан, ден соолукка коркунуч жаралган абалда, шариятыбыз өзүнүн көрсөтмөлөрүндө жеңилдиктерге уруксат берген.

Ислам динибиз оордукка эмес, жеңилдике негизделген.

Алла Таала: “Алла силерге жеңилдикти каалайт, кыйынчылыкты каалабайт” (Бакара, 185), ошондой эле башка бир аятта “Өзүңөрдү өз колуңар менен өлүмгө таштабагыла” (Бакара, 195) – деп буйруган.

Ал эми Пайгамбарыбыз (САВ) хадисинде  “Өзүңө да, өзгөгө дагы зыян бербе” — деп айткан.  Демек, адам  өзүнө зыян болчу нерселерден жана башкаларга зыян берүүдөн сак болуусу зарыл. 

Ушуга байланыштуу, дүйнөдөгү мусулман мамлекеттердин диний фатваларын эске алып, Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин чечиминин негизинде коронавирус оорусу адамдар көп чогулган жерлерде таркалуусу коопту болгонуна байланыштуу, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тиешелүү чечимдерди кабыл алды: 

1.   Кырдаал турукташканга чейин Жума намазы убактылуу токтотулсун. Жума намазынын ордуна бешим намазы өз алдынча  окулсун.

2.    Беш убак намаз мечиттерде сактык чараларын көрүү жана аралыктарды сактоо менен окула берет.

3.    Жаназа намаздары маркумдун жакын туугандарынын жана аз кишинин катышуусунда үйлөрдө окулуусу сунушталат.   

Ошондой эле, элибиздин коопсуздугун жана ден соолугун сактоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган сактык чарларалды аткаруу ар бир мекендешибизге милдеттүү.

Жараткан Алла Таала элибизди, мамлекетибизди, бүткүл адамзатты ар кандай жамандыктан, апаат-балээден, бардык оорулардан жана өзгөчө коронавирустан сактасын.