Жума намазын окуйбуз! Мечитке келүүдөгү талаптарды так сактайлы

Республикалык ыкчам штабтын чечимине ылайык Кыргыз Республикасынын аймагындагы жума намазына чектөөлөр алынгандыгына байланыштуу, санитардык сактык чараларын толук сактоо менен бирге жума намаздары 2020-жылдын 28-августунан окулуп башталат.

Мечитке келгенде сактык чараларын бекем сактаңыз!

Талаптар: 

-Күнүмдүк беш убак жана жума намазына келүүчү жарандардын  беткап тагынуусу талап кылынат.

-Мечиттин айланасына дезинфекциялоочу каражаттарды жана жарандардын дене табын текшерүү иш-чараларын жүргүзүү талап кылынат.

-Мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрдик аралыкты так сактоо жана мечиттин сыйымдуулугунун 50% ашпоосу зарыл.

-Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат.

-Дааратты үйдөн алуу жана сүннөт намаздарды үйдөн окуп келүү.

-Жаш балдар, жашы өтүп калган кары-картаңдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп  жаткан жарандардын мечитке келбей туруусу талап кылынат.

-Мечитке келген жарандар көп убакытка кармалбай, 15-20 минуттун аралыгында чыгып кетүү сунушталат.

-Саат 13:15 де жогорудагы талаптарды түшүндүрүү,  ынтымакка,  биримдикке жана сабырдуулукка чакыруу иштерин жүргүзүү.

-Жамаат намаздары ачык абада  мечиттин короосунда өткөрүү сунушталат.

-Ар бир адам мечитке келгенде жайнамазын ала келүү сунушталат.

Жалпы жарандарды беш убак  намазга жана жума намазына келүүдө жогорудагы  талаптарды толук сактоого чакырабыз.